Күндүн темасы

Күндүн темасы: Кыргызды ааламга тааныткан Айтматов image Фото: Элнура Нурдин кызы http://www.ktrk.kg

8 Июнь, 2018 1241

Дүйнөлүк адабияттын классиги, чыгаан дипломат, коомдук ишмер КР Баатыры Чыңгыз Айтматовдун каза болгонуна 10 жыл болду. Чыңгыз Төрөкулович – 20-кылымдын улуу ойчулу, ал сөз чебери  катары китептеринде, кыргыз эли  жана бүтүндөй адамзаттын мезгил агымында  маанилүү  өзгөрүүлөрүн  калтырып кетти.

Залкар жазуучунун 90 жылдыгына карата иш чаралар Кыргызстанда эле эмес, эл аралык деңгээлде өтүп жатат. Түрксой" уюмуна кирген өлкөлөр да бул жылды  “Айтматов жылы” деп жарыялган. Мындай иш чаранын бири  Россиянын Оренбург шаарында өтүп, ага кыргызстандык окумуштуулар катышып келди. 


“Күндүн темасы” уктуруусунда кыргыз окумуштуулары угармандарды Айтматов ааламына чакырат. Айтматовдун жалпы эле кыргыз маданияты, искусство жана илим чөйрөсүндөгү орду тууралуу талкуу жүрдү. 


Уктурууга Филология илимдеринин доктору, профессор  Л.Укубаева, тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова катышты.  

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Таалайкүл Чабдарова, "Биринчи Радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз