Күндүн темасы

Күндүн темасы: Тоо-кен тармагын жакшыртуу эмнеге көз каранды? image Фото: www.ktrk.kg

13 Июль, 2018 954

Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков Тоо-кен тармагындагы артыкчылыгыбызды толук кандуу пайдалануу керектигин,Тоо-кен чөйрөсүн өнүктүрүүгө тоскоол болуп жаткан көрүнүштөрдү жоюу зарылдыгын парламенттеги кайрылуусунда белгилеген эле. 


Кечээ жакында өткөн өкмөттүн кеңешмеси да ушул маселеде сөз кылып, бул тармакта бир топ кемчиликтер бар экени айтылды. Ошол эле жергиликтүү калк менен түшүндүрүү иштери жетишсиз болуп маалыматтын жоктугунан Макмал, Бозымчак, Иштамберди сыяктуу кен казуучу жайлардагы нааразчылыктар болуп жатканы  мисалга алынды.


Экологиянын сакталуусу зарыл деген талаптар канчалык аткарылууда, тармактагы иштерди саясатташтырбай, инвестициялык климатка оң таасирин бергидей иштерди алып баруу зарыл деген мамлекет башчысынын талабын ашырууда эмне иштер жүрүш керек? 


Уктурууга өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жер казынасын иштетүү башкармалыгынын башчысы Алтынбек Дүйшеев, мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспециясынын тоо кен көзөмөлдөө башкармалыгыны башчысы Максат Абдылдаев, Жаш ишкерлер союзунун директору, көз карандысыз эксперт Темирбек Ажыкулов катышты.



Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз