Күндүн темасы

Күндүн темасы: Суу үчүн төлөм өздүк наркынан арзан image Фото: Элнура Нурдин кызы

25 Июль, 2018 1190

Кыргызстанда «Ала-Тоо булагы» программасынын алкагында айылдарды суу менен камсыздоого жана санитарияны жакшыртууга багытталган эки долбоор ишке ашырылууда. Программа таза суунун жеткиликтүүлүк көйгөйү бар дээрлик бардык калктуу пункттарды камтыйт. Республиканын 115 айылында суу менен камсыздоо тутумдарын куруу пландаштырылган. Долбоорлор Дүйнөлүк банктын жана Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосунда ишке ашып, 94 млн АКШ доллары каралган. Учурда суунун бир куб метри, бул миң литр, Бишкектин бир жашоочусу үчүн 5,38 сом, ошол эле учурда өздүк наркы – 7,70 сом. Желим бөтөлкөдөгү 1 литр суу 20 сомдон ашык турат. Кененирээк "Күндүн темасында" сөз болду. 

Уктурууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу департаментинин директору Аскарбек Токтошев, КРнын Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба департаментинин  суу ресурстары, суу колдонуу жана эл аралык суу бɵлүштүрүү бɵлүмүнун башчысы Сулайманов Акылбек Таштанбекович Департаменттин суу чарба тармактарын эксплуатациялоо, СПАларды колдоо бөлүмдүн башкы адиси Кадырбеков Абдували Исмадиярович катышты.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Таалайкүл Чабдарова, "Биринчи Радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз