2018-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча айыл чарба азыктарынын дүң чыгарылышы 55млрд. 655,9млн. сомду түзүп, өсүү темпи 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 101,6 пайызга өстү. Анын ичинен талаачылык боюнча 7 млрд.723,5 млн. сомду түзүп, өсүү темпи 98,2 пайызга жетти, ал эми мал чарбасы 45 млрд. 361,6 млн сомду түзүп өсүү темпи 10,2,2 пайыз болду. Буга Министрлик тарабынан республикалык, облустук жана райондук деңгээлде өткөрүлүп жаткан окуп үйрөтүүчү семинарлар талаа-күндөрү да өз таасирин берип жатат.
Уктурууга КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Максатбек Ташполотов.
Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"