Күндүн темасы

Күндүн темасы: Бизнес чөйрөнү ашыкча текшерүү токтойт image Фото: Элнура Нурдин кызы

6 Авг, 2018 801

Ишкерлик субъекттерин текшерүүгө мораторий киргизилет. Бул багытта Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев атайын кеңешме өткөрдү. Эми демилгени ишке ашыруу механизмдери тыкыр иликтенип чыгып, бизнес-коомчулук өкүлдөрү менен бирге талкууланат. Текшерүүлөрдүн көптүгүнөн чарчап бүткөн ишкерлер, мындай мүмкүнчүлүк түзүлсө алдыга койгон пландарын орундатуу оңой болмогун айтууда. Кененирээк "Күндүн темасында" сөз болду. 

Уктурууга Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору Адилбек уулу Шумкарбек, Кыргызстандын ишкерлер жана өндүрүшчүлөр бирлигинин президенти Жыргалбек Сагынбаев катышты.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Таалайкүл Чабдарова, "Биринчи Радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз