Күндүн темасы

Күндүн темасы: Бишкек шаарында мектепке балдарды киргизүү көйгөйү жаралууда image Фото: Элнура Нурдин кызы

29 Авг, 2018 1172

Бишкек шаарында ички миграциядан улам калктын саны жылдан-жылга өсүп жаткандыгына байланыштуу мектепке балдарды киргизүү көйгөйү да жаралууда. Бишкек шаардык мэриянын билим берүү башкармалыгы шаардыктарга кайрылып, коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууну сунуш кылды. Ушундан пайдаланып ата-энелерден акча сураган мектеп администрациясы болсо, токтоосуз  0 (312) 61-39-72, 0 (312) 61-00-91 номерлериндеги ишеним телефондоруна чалууну суранышты. Мектептерде орундар жетишсиз болууда, бирок коррупцияга жол бербейбиз дешет шаардын билим берүү башкармалыгы. 


Уктурууга Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Акматова Гульмира Каленовна жана Бишкектеги №78 мектеп-гимназиянын директору Музаева Эльнура Турдукуловна катышты.


Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Таалайкүл Чабдарова, "Биринчи Радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз