Күндүн темасы

Күндүн темасы: 15-сентябрда “Дүйнөнү таза кылабыз” тазалык акциясы өтөт image Фото: Элнура Нурдин кызы

13 Сент, 2018 872

Миңдеген Кыргызстандыктар 15-сентябрда “Дүйнөнү таза кылабыз” аттуу чакырык менен тазалык акциясына чыгышат. 15-сентябрда өлкө аймагындагы жаратылыш парктары, көлмөлөр, токойлорду таштандылардан тазалоо иштери өтөт. Дүйнөлүк тазалык күнүнө карата уюштурулуп жаткан иш-чара жер шарындагы 150 өлкөдө ишке ашырылат. 


Кыргызстандагы ишембиликтин өнөктөшү болуп "Эко Деми" Коомдук фонду чыгууда. Компанияны Кыргыз Республикасынын президентинин жана өкмөтүнүн аппараттары, коомдук уюмдар жана бизнес өкүлдөрү колдоого алышты. Тазалык канчалык маанилүү? Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата уюштурулган бул күндө же Кыргызстан бир күндүн ичинде таштандалырдан канчалык арылат? Ушул жана башка суроолорго "Күндүн темасы" жооп алды.


Уктурууга Өкмөттүн уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Бакирев Жетиген Жокинович, “Эко-Деми” коомдук фондунун мүчөсү Гүлбарчын Сүйүнова, ушул эле фонддун  өкүлү Чыңгыз Кулбараков.

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз