Күндүн темасы

Күндүн темасы: "Ачык асман" саясаты качан ишке ашат"? image Фото: Элнура Нурдин кызы

21 Сент, 2018 1027

Маалыматка ылайык, учурда министрлик зарыл болгон иш-аракеттерди көрүп, бул жаатта атайын план да иштелип жатат. Эл аралык аудиторлордун берген актысына тиешелүү жооп даяр болсо, Кыргызстан 2019-жылдын биринчи кварталында кара тизмеден чыгат. 


Эске сала кетсек, кара тизмеге Эл аралык жарандык авиация уюмунун талабына жооп бербеген өлкөлөр кирет. Ал мамлекеттердин учактарына Европа Биримдигинин аба мейкиндигине кирүүгө тыюу салынат. Авиа тармагындагы кара тизме жана ачык асман саясаты оң жагына чечилип калса республиканын экономикасына да, туристтик тармагына да оң таасирин тийгизерин адистер белгилешет.


Уктурууга Транспорт жана жолдор министрлигинин жарандык авиация бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Арзымат Матмуратов, юридика бөлүмүнүн башкы адиси Тагай Абдысатаров жана министрликтин коомдук кеңешинин төрагасы Талант Садакбаев катышты.



Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз