Күндүн темасы

Күндүн темасы: Кылмыш иликтөө кызматына-100 жыл! image Фото: www.ktrk.kg

5 Окт, 2018 881

2018-жылдын 4-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин актовый залында кылмыш иликтөөнүн 100 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Анда ички иштер министри Кашкар Джунушалиев 100 жылдык маарекеси менен кылмыш иликтөө кызматкерлери менен ардагерлерди куттуктап, кылмыш иликтөө кызматы ички иштер органдарындагы алдыңкы ыкчам бөлүмдөрдүн бири экендигин жана республика ичинде мыйзамдуулук менен тартиптин сакталышы боюнча зор салымдарын кошуп жатышкандыгы, кылмыштуулук менен күрөшүүдө алардын мыкты сапаттарын белгиледи.


Уктурууга Кылмыш иликтөө кызматынын кенешинин төрагасы Жамбылбай Жаныбаев жана ардагер Таалай Кадыркулов катышты.


Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз