Бишкек шаарындагы мектептердин биринде болгон окуучулардын мушташы териштирилүүдө. Бул боюнча Ленин райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоду. Буга таяк жеген окуучунун ата-энесинин арызы негиз болду.
Мектеп рэкетчилиги токтой элек, окуучулардын бири-бирине үстөмдүк кылуусу кайра-кайра кайталанууда. Тарбия иштери мектептерде кандай жүрүүдө, тартип бузган учурда катуу жазаланаарын өспүрүмдөргө ким түшүндүрөт? Мына ушул багытта сөз болду.
Уктурууга: КР билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жооптуу кызматкери Турдубаева Гузель Жеңишовна, Бишкектеги №69 окуу тарбия комплекс-гимназиясынын директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Рахат Калыгуловна жана №38 мектеп-гимназиянын директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Чолпон Барпиева катышты.
Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Таалайкүл Чабдарова, "Биринчи Радио"