Бишкекте дүйнөлүк тоо форуму-2018 иш-чарасы өтүп жатат. Ага 40тай өлкөнүн өкүлдөрү катышууда. Форумда өзгөчө Кыргызстан жана Борбор Азиянын тоолуу аймактарынын абалы, экологиянын, климаттын өзгөрүшү, суу, бийик тоолуу аймактарга инвестиция тартуу, жакырчылык өңдүү бир катар маселелер талкууланып жатат.
Уктурууга: БИО ар түрдүүлүк жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин директорунун орун басары Кумар Мамбеталиев жана БИО сервис коомдук фондунун жетекчиси Гульзада Кудайбердиева катышты.
Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"