Элдик репортер: Арал айылында мал айдаган жол суу алдында калды image Фото: KTRK/videograp

29 Апр, 2019 290

Аксы районундагы Авлетим айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылында жаздын нөшөрлүү күндөрүнөн кийин, Итагар жайлоосунан агып келген суу көбөйүп тургундардын айласын кетирип жатат. Жылына жардүн түбү менен кырга мал айдап өтчү жолду суу алып кетип,  малын  короолоруна камап алып отурушат. 

Ушундай абалга сайдын суусу туура эмес бекемделгендиктен болду. Шагыл, таштын ордуна жарды оюп топурагын алып, ошону колдонушту эле. Ал катуу келген сууга туруштук бере албай, жок болду. Ал эми суунун нугу биз мал айдап кете турган жардын түбүн каптап калды. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз