Дин жана маданият

Дин жана маданият: Армян –кыпчактардын мурасы image

14 Окт, 2016 8038

Кадырман радио угармандар!  Мурунку уктуруубузда кыпчактарга каршы душмандардын баскынчылык саясаты менен  диний кысым күчтүү болгонуна моюн бербей, өз эне тилин жоготкону менен улуттук  баалуулуктарын сактап калганын эсиңиздерге салуу менен бүгүнкү уктуруубузду  улантмакчыбыз.

«Төрө-битигин» армян тилинде түзүп, жазып чыккан — Мхитар Гош аттуу окумуштуу. Ал диний мыйзамдар жана жарандык мыйзамдар деген эки бөлүмдөн турат. 1519-жылы армян-кыпчактар «Төрө битигинин» жарандык мыйзамдар бөлүгүн кыпчак тилине которот. «Төрө битигинин» жазылуу тарыхын түрколог аалым мындайча түшүндүрөт: “Бул мыйзамды армяндар Польшанын падышасы  Сигизмундга бекиттирүү үчүн алгач аны латын тилинде жазып тапшырат. Бирок, котормочудан башка эч ким латын тилин билбейт экен, ошондуктан аны кайрадан поляк жана кыпчак тилдерине которуп, экинчи ирет тапшырышат. Дагы бир таң каларлыгы Польша падышасы  түздөн-түз тапшырма бербесе да, алар мыйзамды кыпчак тилине которушкан”. Эмнеге?- деген собол жаралат. Эми ошол суроого жооп берип көрөлү... 

Кыпчак тили ошол доордо эл аралык карым-катнаш тили болгондуктан, кыпчак- армяндар акылдашып, «Төрө битиги» бүткүл элге түшүнүктүү тилге которулушун чечкен. «Төрө битигинин» бир-эки беренесин мисалга келтирели. Мыйзамдын 43-49-беренелеринде мөмө дарагын кескен адамга төмөнкүдөй жаза белгиленген; “Даракты кескен адам туура ошондой мөмө дарагын эгип, ал түшүм бергенче дарактын ээсине чыгымын төлөп турат”. Табиятты коргоо маселеси эрте заманда эле ошентип мыйзам менен бекитилген. Ал заманда жылкы малына өзгөчө маани берилгендиктен, мыйзамда жылкыны сатаарда үч күбө болсун жана да атты сатып алгандан кийин бир жума ичинде анын оору экендиги байкалган болсо, ат саткан адамга кайра кайтарылат делинген. «Казакстанда «Жер тууралуу» мыйзамды кабыл алган кезде «Төрө битигинин» айрым беренелери жетекчиликке алынганын баса белгилей кетели. 

«Төрө битиги» бүгүнкү күндөрү кыргыз  тилинин сөздүк куржунунда жок укуктук терминдерди сактап калгандыгы менен баалуу. Жоголгон укуктук терминдерди «Төрө битиги» аркылуу калыбына келтирүүгө болор эле. Көөнө жазмалардын кыпчак тилиндеги нускалары ар түрдүү мамлекеттердин китепканаларында сакталган. Атап айтсак — Украина, Россия, Армения, Италия, Голландия, Австрия, Польша, Румыния жана Францияда. Айта кетүүчү нерсе, Армениянын Казакстандагы элчилиги бир катар китепканаларда сакталып турган армян-кыпчак кол жазма тексттеринин микрофильмдерин алууда маанилүү роль аткарды. Эдуард Хуршудян Армениянын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп турган убактысында Италиянын Венеция шаарындагы «Касиеттүү Лазарь» аралында жайгашкан армян католиктеринин конгрегациясынан сейрек документтердин микрофильмдерин изилдөө максаты менен алууга жардамдашты. Ошентип, 20га чукул кол жазмалардын көчүрмөлөрү колго тийди. Натыйжасында Александр Гаркавец менен Эдуард Хуршудян биргелешип «Армян-кыпчак псалтыры» деген илимий эмгекти жазып чыгышты. 

Гаркавецтин илимий эмгектери боюнча  Казакстанда 2015-жылы  “Дешт -и –Кыпчак жана анын купуя  белгилери” атындагы эки бөлүктөн турган  даректүү тасма  тартылган. Бул даректүү тасма  кыпчактардын жазма булактары  туралуу Армения, Украина менен Италияда тартылган. Жогоруда айтылган тасмага расмий Астана 11 млн.теңге сарптап, тартуу иштерине Гаркавецтен тышкары Казакстандын маданият министрилиги, улуттук китепкана кызматкерлери жана композитор Актотур Райымкулова салымын кошушту. Ал Аве Мариянын кыпчак тилинде 75 ыры жана «Эсиме түшсө, Исанын касиеттүү каны» деген ыр нотасы шифрин ажыраткан. Казак композитору кыпчактардын гимнин азыркы нотага түшүргөндүгүн төмөнкүчө айтып берди

“Казакфильм”  акционердик коомунун президенти  Бахыт Каирбеков сөз кылып жаткан даректүү  тасманын сценарийин жазган. Анын айтымында “Биздин катачылыгыбыз кыпчак тили  эл аралык тил болгонун  билбептербиз. Ошондуктан  келечекте  Армениянын архивинде сакталып жаткан  жазма булактар изилдөө  үчүн эски кыпчак тили менен орто кылымдагы армян алфавитин билүү  зарыл. Дал ушул себептен Казакстан менен Армениянын ортосунда адистерди даярдоо боюнча келишим түзүлдү” - деп баса белгиледи маегинде. Александр Николаевичтин табылгыс, орошон зор эмгегин баалап, тарыхый табериктерибизди көзүбүздүн карегиндей сактоо бизге парз.




Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз