Дин жана маданият

Дин жана маданият: Литва, Белоруссия, Польша жана Крымда жашаган караим эли image

18 Окт, 2016 5032

«Дин жана маданият» уктуруусунан бул жолу, кыргызга тектеш Литва, Белоруссия, Польша  жана Крымда жашаган Караим эли  жөнүндө кенен маалымат ала аласыздар.  

Карайлар кыпчактар менен хазарлардын тукумдары. Алардын Ата-Мекени Крым  хандарынын ордосунун жанындагы Кырк – Жер же  Жуфт-Калаа сепили болуп эсептелет. Жуфт –Калаа байыркы түрк тилинен эки катар же жөөттөрдүн сепили деп которулат.

Карайлар  Жуфт - Калаанын тургундары, эки урууга бөлүнүшкөн. Биринчи уруунун эн тамгасы айры (карайлар аны сенек деп аташат). Ал эми экинчи тайпанын эн тамгасы «калкан» болгон. Жуфт-Калаанын дарбазаларын  үстүндөгү  мрамор плитасына жогоруда айтылган эки эн тамгалары чегилген. Орто кылымдагы тарыхта карайлар антына бекем болуп, атагы чыккан жоокерлер жана өкүмдарларына жан-дили  менен кызмат кылышкан. Крым хандарынын казынасын жана ардактуу туткундарын кайтарган. Литва мамлекетин түптөгөн Витовт нойон карайлардан өзүнүн гвардиясын түзгөн. 

Эң башкысы бул элдин арасында улуу жаштагы муунун абдан сыйлашат  жана бири бирине  сөзсүз түрдө көмөк көрсөтүшөт. Жакырлары жокко эсе.  Карай деген соз Иврит тилинен Ыйык китепти окугандар деп которулат. Алардын тили турк тилдеринин кыпчак тобуна кирет. Карайлардын тили, салты, ашканасы жана күнүмдүк жашоосу кошуна түрк элдерине  абдан окшош болгону менен таң калыштуусу иудаизмдин ичинде караизм агымын  карманышат. Иудаизмди орто кылымдарда кабыл алган. Ошол эле маалда караизмди кармангандардын арасында еврей, гректер, арабтар, славаяндар да бар. Бирок жогоруда сөз болгон караимдер турк тилинде сүйлөбөйт жана диний көз караштары карайларга дал келбейт. 

Азыркы күндө мурдагы Советтер  Союзунда   карайлардын саны болгону 3 минден гана ашкан. Карайлардын белгилүү өкүлдөрү саясатчы, илимпоз хан Шапшал, балерина Анна Павлова, советтик даназалуу дипломат, чалгынчы  Иосиф  Григулевич, композитор Самуил Моисеевич Майкапар, актёрлер  Сергей Тонгур, Голливуддук  киноактер Чарльз Бро́нсон, Советтер Союзунун маршалы Родион Малиновский жана Ата Мекендик согуштун баатыры  армиянын генаралы  Владимир Калпакчы. Андан тышкары орус ак сөөк үй- бүлөлөрдүн арасындагы падышынын таякелери деп аталган  Нарышкиндер улуту карайлар  болгон. Россия парламентинин спикери Сергей Нарышкин жогоруда айтылган үй-бүлөдөн. Россияны үч жүз жыл башкарган Романов династиясы карайларды таякелерибиз –деп эсептешкен. Ошондуктан карайлар  еврей эмес, өзүнчө эл катары статусун беришкен. 

Карайлар падышачылык Россияда ээн эркин соода  кылышкан  жана жогорку мамлекеттик  кызматтарда иштешкен. Кемел Ата түрк 1928 –жылы турк тилин латын алфавитине өткөргөндө  араб жана фарс сөздөрүнөн тазалаган. Анын  ордуна, түрк тилине 330 литвалык карай сөздөрүн кабыл алган. Карайлар Крымдык, Батыш Украиналык жана Литвалык деген  үч  топко  бөлүнөт. Алардын крым диалекты ивритче  Лешон Татар (татар тили) жана Батыш Украина  менен Литванын диалекты   Лашон Кедар (кочмондор тили) деп деп айырмаланат. 

Кыргыздардын Жер –Суу тайу салтына окшошуп кетет. Азыркы күнгө чейин карайлар  Балта Тийбес бактарын бутабайт жана кыйбайт. Эгерде кимдир бироо кыйса , Кудайдын  каргышына  калат деп эсептешет. Карайлар диний лидерин гахан деп аташат. Бул сөз байыркы тилинен «каган»  деп которулат. Белгилүү саясатчы жана илимпоз Серая Шапшал 1916 –жылы Жуфт –Калаага  түрк тектүү элдердин илгерки салты боюнча ак боз ат минип жана карайлардын аксакалдардын коштоосунда келген. Аны карайлардын  ханы жана  гахан кызматына шайлашкан. Шапшал –хан   кандаштырынын   курултайын түзгөн. 

Ага депутат болуп аялдар шайланган. Жуфт –Калаада  «Ыйык бешик » деп аталган фондун түптөөгө жетишип, ошол эле учурда белгилүү крым-татар коомдук ишмери Исмаил Гаспринский менен музей ачышкан. Бирок мындай реформаларга 1917-жылдан кийин Совет өкмөтү бөгөт койгон. Чейрек кылымдан кийин Гитлер Германияга 1933-жылы бийликке келип, еврейлерди немис элинин «душмандары» деп жарыялаган.1920-жылы  Крымда Врангелдин аскерлери женилгенден кийин. Анын 18 карай улутундагы офицерлер Германияда башбаанек  алышкан. Бул офицерлер  Гитлерге  биздин эл иудей динин  карманганы менен тегибиз түрк тилдүү деген катты жазышкан. Ошондуктан Германияда жашаган карайларга карата куугунтуктоолор болгон  эмес. 

Улуу Ата –Мекендик  согуштун учурунда жогоруда сөз болгон каттын негизинде диний лидер хан Шапшал Гитлердин  атайын кызматы гестапо менен жазалоочу аскерлери ССтин  алдында өз элин еврей эмеспиз, тегибиз түрк тилдүү калкбыз  деген үмүт менен актаган далилдерин жазган. Гестапо Вильнюстагы үч еврей диний ишмерлерин чакырып, карайлардын  Библиясын окуп жана которуп  берүүсүн талап кылган. Себеби, бул Библия байыркы еврей тамгалары  менен карай тилинде жазылып калган. Бирок үчөө тең Библияны окуп, которгонго дарамети жетпей койгон. Ушундай иш –чаралар  менен  карайлардын басымдуу бөлүгү аман калган. Бирок, 1941-1943 жылдары гестапонун буйругу жетпей калган  Киев жана Новороссийскийдеги карайларды немис  желдеттери  тукум курут кылышкан.

Бакыт Абасбеков



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз