Дин жана маданият

Дин жана маданият: Волга боюнда отурукташкан керешэн эли image

20 Окт, 2016 7984

Волганын боюнда кыргызга тектүү  керешэн эли жашайт. Алар өздөрүн керешэннэр  деп аташат. Булардын тили булгар-кыпчак тобуна кирет. Алардын тили казан татарлынын батыш диалектисине  жакын болуп, тилинде көп эски татар сөздөр сакталып калган. Ошол эле маалда араб сөздөр аз. Бирок казан татарларынан айырмаланып керешэндер христиан динин карманышат. 

Эң негизги бөлүгү  Татарстанда жашашып, калганы Башкырстан, Удмуртия, Челябинск, Самара, Киров аймактары менен Кыргызстан, Өзбекстан  жана  Казакстанды мекендейт. 2010 –жылы  алардын саны 34822 кишини түзгөн. 2000-жылдан баштап Россиянын  расмий түрдө  аз сандуу  элдеринин катарына кирди. Бул элдин белгилүү өкүлдөрү  Улуу Ата-Мекендик согушта даңазалуу Брест чебин коргогон майор Петр Гаврилов, белгилүү генерал-лейтенант Дмитрий Карбышев.  Тарыхчылардын арасында керешендер туралуу ар кыл пикирлер бар. Айрым илимпоздор  казандык татарлар менен керешендер түбү бир. 

Казандык тарыхчы Глухов Чыңгыз-хандын жоокерлери кереит  уруусу 10 кылымда  христиан дининдеги несториан агымын кабыл алган.Алар 13 –кылымда Чыңгыз-хандын тукуму Батый-хан менен Алтын Ордо мамлекетин негиздешкен.Алтын  Ордо кулагандан кийин кээ бир кереит тайпалары азыркы Татарстанды мекендеп калышкан.Жогоруда сөз болгон эски чокунгандардын арасында сиңип кетишкен.16 кылымдан баштап орус падышалары Эдилдин боюндагы  элдерди христиан динин кабыл алганга мажбурлап, ошол  эле учурда Татарлардын айрым топтору мындай кысымдын негизинде айласыздан чокунганга дуушар болгон.

Ошондуктан Россия өкмөтү менен орус чиркөөсү керешэндерди жаңы христиандардан айырмалаш  үчүн эски чокунган татарлар деп аташкан. Керешэндердин улуттук уюмунун төрагасы Шабалин; “Биздин ата-бабалар христинчылыкка чейин Теңирчиликти туткан. Ошол эле маалда кээ бир керешендер ушул убакытка чейин ислам жана христиан динин кабыл алган жок. Азыркы күнгө  чейин теңирчилик менен байланышкан  Нартууганга окшогон майрамдарды салтанаттуу белгилейбиз. Жадагалса иконаны “тери”-деп атайбыз.  Демек бул сөз  Теңир  деген сөзгө байланыштуу болушу мүмкүн.  

Россия  тарыхчыларынын пикиринде орус ак-сөөктөрүнүн 40 пайызын түрк тектүүлөр түзгөн. Ошол эле учурда христианчылыкты айласыз кабыл алган казандык татарлар, ислам динине  кайрадан өтүшкөн. Керешэндер  татар-мусулмандардын арасында жашаса да ,көпчүлүк учурда христианчылыктан баш тарткан эмес. 1553-жылдан баштап эски чокунгандар орус, тоолук черемистер менен биргеликте казан татар жана шалбаалык деп аталган черемистердин көтөрүлүштөрүн басышкан. Керешэндер орус падышаларынын ишеничтүү жазалоочу аскерлери болгон.  

Эски чокугандар менен теңирчи керешэндер көпчүлук учурда татар мусулмандарга кыздарын бербейт жана аларга үйлөнбөйт. Ошол эле учурда кыргыздарга окшоп арбактарга ишенишет. Аларды үй жана  сарай ээси деп аташат. Сарай ээси  малды жуттан аман алып калсын –деп курмандык чалышат. Мындан сырткары Суу менен Жердин ээлери жана энеси бар деп  ишенүү менен жогору айтылган ээлерге багыштап тамак жасашат.

Керешэндер айрым  учурларда каза болгондордун мүрзөлөрүнө молдону  чакырып Куран окутушат. Бүгүнкү  күндө  керешэндер   Москва калаасында Ясенево районунда ыйык Иоанн Кудай тааныган чиркөөсүндө айына бир жолу Инжилди өз эне тилинде  окушат.Татарстанда эски чокунган менен мусулман татарлардын ортосунда карама- каршылык күчөп жаткан убагы.Себеби керешэндер улутун татар деп жаздырганга терс пикирин билдирип, ал эми татар элитасы жана интелегеннциясынын айрым өкүлдөрү  аларды ислам динин кабыл алганга мажбурлоодо. 

Бакыт  Абасбеков 



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз