Дүйнө жана Кыргызстан

Кыргыз милициясы менен француз полицияларынын учурдагы абалы кандай? image

2 Нояб, 2016 8332

Урматтуу угармандар, бул саам кыргыз укук коргоо органдары менен Франциянын полициясынын учурдагы абалын салыштырууну туура көрдүк. Анда сөз башынан болсун. Россиялык lenta.ru интернет булагынын журналисти Михаил Куракин “Жандармдар  ачууланып жаткан учуру” аттуу макаласын жазып чыкты.

Орус кесиптешибиз макаласында эмне үчүн  француз полициясы  бир нече жумадан бери массалык  нааразылыктарын өткөрүү менен эмгек шарттарын оңдоо талаптарын койгону туралуу  себептерин иликтегенге аракет кылган. Мамлекеттин мыйзамы боюнча күч  түзүмдөрүнүн кызматкерлери иш таштоого тыюу салынган. Ошондуктан  полиция кызматкерлери  бийликке  нааразылыгын төмөнкүдөй   белгилер менен билдирүүдө:

Франциянын тарыхында  полиция кызматкерлери расмий Парижге каршы,  ишин таштап жана нааразылыгын билдирген учурлар сейрек кездешет. Мисалы, тартип сакчылар 1958-жылы март  айында үч кесиптешинин каза болгондугуна байланыштуу, Париждин полиция бөлүмүнөн тартып Улуттук ассамблеянын имаратына чейин жөө  жүрүш жасаган.

Ушундай эле себеп менен 1983-жылы миңдеген  жандармдар  мамлекеттин борборунда  Вандом  аянтында  юстиция министерлигинин алдында  митинг уюштурган. Ошол эле маалда  полиция кызматкерлери  өлүм жазасын кайра калыбына келтирүү жөнүндө талап койгон.  Бирок өлүм жазасы   туралуу мыйзам  кабыл алынган эмес. Тартип сакчылары  нааразылыгын  билдирип чыккандыгыны үчүн, алардын жетекчилерин француз өкмөтү жазалаган. 2001-жылы октябр айында 10 миң полиция кызматкерлери ушундай эле жөө жүрүшкө чыгып, анда дүкөндү тоногондор  эки жандармды  өлтүргөн-деп автор макаласында баса белгилейт.

Анын көз карашында өткөн жылдан тартып Франциянын ички иштер министирлигинде  абалдын чыңалуусу байкала баштады. Париждеги террордук актылардан кийин өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилген. Анткени Ниццадагы терордук акт менен футбол боюнча Европа чемпионатынын коопсуздугун  камсыздоодогу жандармга каршы Молотов коктейлерин  ыргытканы, күч түзүмдөрүн алсыраткан. Анын үстүнө тартип сакчыларын көздөй, кылмышкерлер жардыргыч зат менен толтурулган бөтөлкөлөрдү да ыргыткан. Ошондуктан эки полиция кызматкери оор жаракат алган-дейт макаланын ээси. Бул  абалга байланыштуу бандитизмге каршы  күрөшүү боюнча башкармалыктын мурдагы жетекчиси Шарль Пеллегринин айтымында, Полиция кызматкерлерине каршы  зордук-зомбулук күндөн –күнгө күчөөдө жана аларды жок кылабыз дегендер көбөйдү. Кырдаал абдан оор.

Ал эми француз тартип сакчыларынын экинчи талабына көңүл бурсак, алар өз өмүрүн коргоо укуктарын кенейтүүнү каалайт. Тактап айтканда, тартип сакчыларына  кол салынган мезгилдерде, коргонуу укугун кеңейтип, күч түзүмдөрүнө кандайдыр бир зыян келтиргендерге жазаны катаалдатууну сурап жатат.

Ошону менен катар эле, массалык башаламандыктарда полиция кызматкерлерине бир топ оорчулук менен кооптонууну жараткан 14 жашка чейинки өспүрүмдөргө карата дагы, кылмыш иши козголсо деген талап коюуда. Ушул кырдаалды жөнгө салуу үчүн өлкөнүн  ички иштер министри  Бернар Казнев өкмөткө жаңы долбоор сунуштады.

Франциянын президенти Франсуа Олланд  полиция  профсоюздарынын   лидерлери менен  жолугуушуда жогоруда сөз болгон долбоорго  көмөк көрсөтөм –деп баса белгиледи.

BFMTV телеканалы  жүргүзгөн сурамжылоодо , француздардын көпчүлүгү   полициянын  бийликке каршы нааразылыгын колдоору билинди   деген  пикирди айтууда. Жогоруда айтылган жандармдардын нааразылыгын өлкөнүн  88 пайызы жараны колдойт-дейт телеканал.  Сурамжылангандардын арасынан болгону 5 пайызы  гана  тартип сакчылыранын иш таштоосун жактырган эмес –деп Михаил Куракин макаласын  жыйынтыктады.  

Ал эми мамлекетибиздеги  Ички иштер министирлигинин  абалына көнүл бурсак .Үстүбүздөгү жылда  кыргыз милициясынын негизделгендигине 92 жыл толот. Буга байланыштуу ар жылы 1-ноябрда  майрамдык иш-чаралар облус, шаарларда  белгиленип келет. Алгачкы жолу 1924-жылдын 1-ноябрынан баштап Кара-кыргыз автономдуу облусунда күч органдары иштей баштаган. Быйыл кыргыз бийлиги мамлекетибиздин  куралдуу күчтөрүндө реформа жүргүзүү менен бирге өлкөбүздүн милициясын да түп тамыры менен өзгөртүүнү баштады.

Андан тышкары  акыркы беш жылда укук коргоо органынын кызматкерлеринин материалдык-техникалык абалын жакшыртуу боюнча бир катар аракеттер ишке ашкан, анын ичинде тартип сакчылары үчүн турак-жай куруу программасы иштеп чыккан. Мисалы   айта кетсек  мурдагы  жылы  өкмөт ички иштер министрлигине 86 автоунаа  тапшырган. Жаңы автоунаалар  менен Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын ИИБ камсыз болушкан.Ошол эле маалда кыргыз милиция кызматкерлерине   акырындык менен турак –жайлар  берилүүдө.

Кылмыштуулук менен күрөшүп, коомдогу терс көрүнүштөргө каршы турган Ички иштер министрлиги сын-пикирди да көп угат. Бирок ошол эле коомчулук милицияга жардам берип, кылмыштуулук менен чогуу күрөш жүргүзбөй жатат. Анткени аз айлык менен күнү-түнү оор жүктү аркалап келаткандар милиция кызматкерлери. Алар  жанын аябай эмгектенип жатышат. Ошондуктан өлкөбүздүн баардык  жарандары милицияга көмөк көрсөтүшү зарыл .

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов

Тааныштырган Рахматулла Кудайбердиев Биринчи радио

 



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз