"Күндүн темасы": айдоочулук күбөлүк берүү талабын күчөтүү зарылбы?   16 Сент, 2019 229

Айдоочулук күбөлүк берүү талабын күчөтүү зарылбы? Соңку күндөрдөгү автокырсыктар жаш балдар жана өспүрүмдөр автотранспортту башкарып бара жатканда болду. 

Коомчулукта айдоочулук күбөлүктү алууда жаш куракты жогорулатуу керек деген пикир басымдуу болууда. Айдоочулук күбөлүк алуу жеңил, ал сатылат деген имиштерге чекит коюлдубу?

 Айдоочулук күбөлүктү алуу талаптарын күчөтүү жана жол эрежелерин бузгандарды жоопкерчиликке тартуу менен жол кырсыктарын азайтууга болобу? 

Адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктарын азайтуунун дагы кандай жолдору бар? 

Мына ушул суроолордун айланасында “Күндүн темасы” программасында сөз болууда.

Уктурууга КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын төрагасынын орун басары Ыманалы Саркулов жана “Унаа” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Усейин Касымалиев катышууда.