Мамлекеттик ооруканалар акчага дарылай баштайт   3 Окт, 2019 424

Мамлекеттик ооруканалар өзүн-өзү каржылоого өтөт. Саламаттыкты сактоо министрлиги бул сунушту өкмөттүн кароосуна жөнөттү. Учурда пилоттук долбоор Улуттук хирургия борборунда ишке киргизилүүдө. Эгер жаңы ыкма ийгиликтүү болсо, анда башка мамлекеттик бейтапканалар дагы өзүн-өзү каржылай баштайт. Мамлекеттик ооруканаларда акы төлөп дарыланууга өткөрүү туура кадамбы? Өзүн өзү каржылоо менен жеке менчик ооруканалардын айырмасы кандай болот? Социалдык жактан аз камсыз болгон оорулуулар акы төлөп дарыланууну көтөрө алабы? Ансыз да мамлекеттик ооруканаларда көмүскө акы төлөө ачыкка чыктыбы?

Уктурууга медицина илимдеринин доктору, профессор КР эмгек сиңирген врачы Калдарбек Абдраманов катышууда