КТРКнын Алтын казынасын сактоо, өнүктүрүү иштери уланууда image

21 Апр, 2017 1013

Достор!

КТРКнын Алтын казынасын сактоо, өнүктүрүү иштери уланууда. Бизде дагы жакшы жаңылык!

Кристенсен фонду менен биргеликте кыргыздын аспаптарынын бири Кыл кыяк, Чоор, Сыбызыгы, Чопо чоор күүлөр жыйнагы санарипке жана китеп нотасы болуп жазылып жарык көрдү. Баары биригип санарипке 99 күүлөр жазылды! Анын көпчүлүгү же унутулган, же белгисиз болуп эсептелинет!

Буга чеин бул аспаптардын 5-6 эле күүлөрү белгилүү болуп, колдонулуп келчү.

Бул күүлөр Кыргызстандын музыка мекетептерине таратылып берилмекчи!

Өлкөбүздө өнүгүү болсун!


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

phot1