Европа чемпионатын көрсөтүү укуктары боюнча түшүндүрмө image

17 Июнь, 2016 2934

Акыркы учурда футбол Евро 2016 боюнча көптөгөн суроолор пайда болууда. Анын көбү тамактануучу коомдук жайлардын ээлеринен келип түшүүдө: Эмне үчүн КТРК каналы гана көрсөтүүгө укуктуу? А биз орусиянын каналдарын көрсөтө берсек болобу?

Түшүндүрмө.

 Чоң ири спорттук мелдештер, дегиле жалпы спорт мелдештерин көрсөтүү укугу ар кайсы федерациялар аркылуу сатылып келет. Ортомчу болуп чоң ири компаниялар ал федерациялардан бул укукту ар бир өлкөгө, континентке дүңүнөн сатып алышып, өз кезегинде конкреттүү өлкөдөгү ТВ компанияга сатышат. Евро 2016 боюнча Орто Азия чөлкөмүнө көрсөтүү лицензиясы Түркиядагы "Саран" компаниясына таандык. Ал компаниядан биз көптөгөн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атып Кыргызстанда көргөзүү укугун КТРК жана КТРК Спорт каналдарына сатып алдык. Өз кезегинде, лицензияны сатып алууга корогон акчаны толуктоо үчүн биз дагы реклама жайгаштыруу, көрсөтүү укуктарын кабельдик, интернет компанияларга дагы сатып атабыз. Алардын ичинде коомдук кафе, ресторандарда дагы футбол көрсөтүү укуктары бизге таандык болот. Тиешелүү келишим түзүп көрсөтүү керек. Бүгүнкү күндө биздин негизги өнөктөшүбүз НТС телеканалы болуп эсептелеп. Биздин биргелешкен топ атайын кафе ресторандарды дагы кыдырып жүрөт.

Тиркемеде КТРКнын укуктары.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

phot1