Маанилүү КТРК

КТРКнын жылдык бюджетинен 39 миллион сом кыскартылды
14 Нояб, 2016 766

image

Урматтуу достор, КТРК жамааты!

Бул жылы КТРКнын бюджетинен 39 миллион сом Өкмөт тарабынан кыскартылды. Бул кадам секвестр иш чарасынын негизинде болду. Секвестр деген эмне? Бул Өкмөттүн республикалык бюджеттин кирешесинен чыгашасы көп болгон учурда, чыгашаны азайтуу үчүн пропорционалдуу түрдө бюджеттин бардык чыгымдарын кайсы бир өлчөмдө кыскартуу иш чарасы боюнча кадамы.

Албетте КТРК жалгыз болгон жок, секвестр ыкмасына башка мамлекеттик органдар дагы кабылды. Бирок КТРКга бул секвестр оңой болбойт, себеби бул КТРКнын жалпы бюджетинин 10% же 2016 жылдын калган бюджетинин 30% түзөт.

Азыркы учурда КТРКнын тиешелүү жооптуу кызматкерлери жана бөлүмдөрү менен бирге бул кырдалдын кесепеттерин КТРКга анчалык оор тийгизбөө боюнча жолдорун иштеп чыгуудабыз. Кесепеттери болот, болбой койбойт. Чыгымдарды ыраатташтыруу, кыскартуу ыкмалары болот. Мындан тышкары структуралык жана башка өзгөрүүлөр дагы болушу мүмкүн.

Мындай олуттуу кыскартуу КТРКнын тарыхында биринчи жолу болуп атат. Албетте оңой эмес, бирок трагедия кылуунун кереги жок! Бул кадам бизди кайра чыйралтып, чамдантып, башка заманбап ыкмаларды колдонууга үйрөтүп, мамлекеттин финансылык карамагынан дагы бир кадам алыстоого жол түзөт деп ишенем!

Өкмөттүн кадамдары бюджеттик тартыштыктан болуп атканын түшүнүү менен кабыл алабыз. Бизге бул кадам учурдун чакырыгы катары болоорун белгилемекчимин. Бул чакырыкка КТРК татыктуу жооп бере алат.

Урматым менен!



phot1