КР Каржы министри А.А.Касымалиевге кайрылуу image

15 Нояб, 2016 1523

Кыргыз Республикасынын Каржы министри 

А.А.Касымалиевге

Урматтуу Адылбек Алешович!

 

Сизге, үч айдан бери жеке кабыл алууңузду айтпайын, телефон аркылуу да байланышка чыгууга болгон аракетим ишке ашпагандыктан,социалдык тармак аркылуу кайрылууга аргасыз болуп олтурам. 

Сиз жетектеген министрлик,  КТРК менен бирге көптөгөн уюмдардын ишмердүүлүгү байланышкан министрликтин бири болгондуктан, убактыңыздын чектелүү экенине ишенем.

Сизге жолугууга же телефон аркылуу сүйлөшүүгө жеке маселемди кароого эмес, КТРКнын бюджетинин маселесин чечүү үчүн  аракет кылып жатам. Сиз менен байланыша албагандыктан, маселемди бул жерден билдирүүнү чечтим.

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы №126-б Буйругунаылайык, КРнын санариптик телерадиоберүүгө өтүү Программасын жүзөгө ашыруу үчүн,Социалдык пакетке кирген телерадио уюмдарына акча каражаты бөлүнгөн.  Буйруктун негизинде “КТРК Спорт” жана “КТРК Музыка” каналдарынын ар бирине 3 миллион сомдон каралган.  Бул акча каражаты аталган каналдардын техникалык жабдыгына  багытталган. 

Чынында бир эле ТВ каналдын санариптик берүүгө өтүүсүнүн толук техникалык жабдуулары миллиондогон акча каражатын талап кылат. Бирок, Өкмөткө аз болсо дагы көмөк көрсөткөнүнө ыраазычылык билдиребиз.

Кайрылуумдун негизги себебинен баштасам.  Биз, 2 телеканалга бөлүнгөн 6 миллион сомго техниканын бөлүктөрүн сатып алууга тендер жарыялаганбыз. Тендер өтүп, уткан компания биз сатып алууну көздөгөн керектүү жабдууларды 4 миллион сомго баалайт. 

Каржы министрлиги секвестирлөөнүн алкагында 2016-жылдагы КТРКнын бюджетинен рекорддук суммадагы 39 миллионду алып койгону аз келгенсип, жооптуу кызматкерлериңиз ушул эле секвестирлөөнүн алкагында тендерден калган 2 миллион сомду дагы үнөмдөлгөн каражат катары алып коюшту.

Урматтуу Адылбек Алешович! Тендерден калган 2 миллион сом сиздин жооптуу кызматкерлер айткандай ҮНӨМДӨЛГӨН каражат эмес.

1.    Биринчиден, 2 ТВ каналды 100%га  жабдык менен камсыз кылуу үчүн 6 миллион сомго араң 5% гана жабдык ала алабыз. Ошондуктан көрсөтүлгөн суммага басым кылбай ТВга эң керектүү гана жабдыктардын бөлүгүн алууга тендер жарыялайбыз. 

2.    Экинчиден,ала турган жабдыктын баасын  болжолдуу суммасын белгилегенибиз менен,мыйзам боюнча дагы тендерге жарыяланган жабдыктын так суммасын  көрсөтүүгө укугубуз жок. Керектүү жабдыкка азжана так суммасын коюу үчүн тендер жарыяланат эмеспи.  Ушундай жагдайларга байланыштуу биз 6 миллион сомго сапаты жана саны туура келген тендерди жарыя кыла албайбыз. 

3.    Үчүнчүдөн, биз өкмөттөн бөлүнгөн акча каражатынан ашык суммага тендер жарыялаганга укугубуз  жок. Мындай жагдайда тендерге катышууну каалаган компаниялардын ичинен, 6 миллион сом эң жогорку чекте тургандыктан,көрсөтүлгөн суммадан аз суммада баалагандар да чыгат.

4.    Төртүнчүдөн, бөлүнгөн акча каражатка керектүү жабдыктын бөлүгүн дагы алууга жеткирүү мүмкүн эмес болгондуктан, тендерден калган 2 миллион сомду ҮНӨМДӨЛГӨН  акча каражаты деп эсептөөгө эч кандай негиз жок. Эгерде 2 ТВ каналга бөлүнгөн 6миллион сомдун 4 миллионуна керектүү жабдыктарды толугу менен сатып алсак, андаүнөмдөлгөн деген тыянак чыгарсак туура болмок.

 

Урматтуу Адылбек Алешович!

Мындай маселени коомчулук аркылуу билдирип жатканыма дагы бир жолу кечирим сурайм.

Бирок эки  мамлекеттик мекеме,техникалык мүнөздөгү маселени чечүүгө 3 ай аралыгында жок дегенде телефон аркылуу 10 мүнөт убакыт таппагандык туура эмес деп эсептейм. 

Эскерте кетсем, КТРК коомдук ТВ статуста болгону менен,юридикалык жактан мамлекеттик мекеме катары калып, бюджеттик, юридикалык,экономикалык ишмердүүлүгүн мамлекеттик орган катары ишке ашырып келет! Каржы министрлиги сыяктуу эле КТРКга дагы мамлекеттик мүнөздөгү тапшырмалар жүктөлгөн. Ошондуктан биз сиздердей эле бирдей тапшырманы аткарып келебиз.

Сиздердин, жооптуу кызмактерлердин секвестирлөөнүн алкагында ар бир “үнөмдөөгө “ алган кыскартуу КТРКнын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизип жатат. Сиздин жеке кабыл алууңузга баш урбайм. Улам сизге жолдобой, жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди реалдуу чечип бере ала турган,министрликтин жооптуу кызматкерин дайындооңуз жетиштүү болот. 

Урматым менен, 

КТРКнын башкы директору,

И.Карыпбеков

PS. Эгерде досторумдун арасында Каржы министрлигинин кызматкерлери бар болсо, урматтуу Адылбек Алешовичке кайрылуумду билдирип коюшса ыраазычылыгымды билдирем. 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

phot1