"Таза Кыргызстан" партиясынын өкүлдөрү таркаткан видео жөнүндө түшүндүрмө image

6 Дек, 2016 1292

Урматтуу достор!

Мени абдан "жакшы" көргөн адамдар фактыларды чаташтырып, каралап таркатып жаткан "Таза Кыргызстан" партиясынын өкүлдөрү таркаткан видео жөнүндө түшүндүрмө.

Мыйзам боюнча бардык саясый партияларга убакыт бөлүнүп берилди. Алар: жеке кайрылуу жана дебаттар. БШК дебаттардын жана жеке кайрылуулардын шарттарын жана кезектерин чүчүкулак аркылуу аныктап берди. Дебатка "Таза Кыргызстан" башка эки партия менен чыгышы керек эле. Дебат болоор күнү "Таза Кыргызстан" партиясынын атынан Калдан Эрназарова, Игорь Итибаев, Аркадий Гладилов, Любовь Ардамина (политкеңештин мүчөлөрү, төрага орун басары, катчылыктын жетекчиси) бир топ болуп келишти. Башка топту жетектеп Марат Иманкулов келди. Эки тарап КТРКнын алдында бири бирин мыйзамсыз деп күнөөлөп, дебатка биздин топ катышуубуз керек деп талашышты. Түз эфир талашка учурап, жаңжалып чыгып токтоп калып, башка партиялардын дагы укугу бузулбасы үчүн эки тарапты тең дебатка киргизбөө чечимин кабыл алдым.

Бул боюнча биз БШКаны маалымдап, башка күнү убакыт берүүгө даяр экендигибизди билдирдик.

Эки күндөн кийин А. Гладилов жетектеген топ дагы, М. Иманкулов жетектеген топ дагы Акипресс агенттигине пресс конференция беришип, бири бирин мыйзамсыз деп айыпташты.

КТРКдагы дебаттардын акыркы күнү М. Иманкулов Аймактык шайлоо участкасынан "Таза Кыргызстан" партиясы дебатка катышууга укуктуу экендиги жөнүндө кагаз алып келип, А. Гладилов жана башкалардын бардыгы партиядан четтетилгенин билдирди. Биз каршы болгон жокбуз. Кечинде келип катыша бергиле дедик. Кечинде дебатка М. Иманкулов жетектеген топ келди, ошол эле учурда А. Гладилов тарабын жактаган аял киши келди. Кайра жаңжал башталды. М. Иманкулов бул аял киши расмий четтетилгенин билдирип, провокация кылып аткандыгын айтып киргизбөөнү суранды. Аял киши четтетүү мыйзамсыз болгондугун, сотко берерин, КТРКга "Таза Кыргызстандын" атынан ал чыгышы керектигин, М. Иманкуловду катыштырбоо талабын койду. Бул жолу дагы ички маселелерди чечип алып келишин суранып, түз эфирге киргизбөө чечимин кабыл алдым. Себеби түз эфирге чырдашып аткан партиянын мүчөлөрүн киргизип, дебаттарды үзгүлтүккө учуруу коркунучу ачык эле.

"Таза Кыргызстан" партиясына жана БШКага дебаттардын ордуна мыйзамда бекитилген 20 мүнөт убактыбызды берүүгө даяр экенибизди ошол эле күнү билдиргенбиз.

Партиянын ичиндеги чырды тыймайынча, түз эфир КТРКда берүү мүмкүн эместигин түшүнүк менен кабыл алууңуздарды, сабырдуу болушуңуздарды суранам. Өзүңүздөр көргөндөй КТРК ачык, баарына тең позицияны карманганга аракет көрүп келе жатабыз.

Мисалы ошол эле учурда Конституцияга каршы жана колдоо топторунун дебаттары жүрүп жатат. Ал жерде менин жеке оюмча Марат Иманкулов мырзадан оппозициялык тажрыйбасы ашкан Адиль Турдукулов, Мавлян Аскарбеков сыяктуу адамдар тоскоолдуксуз эле катышып жатышат.

Видеодо айрымдар белгилеп аткандай мен бой, же баш көтөрүп, кыр көрсөткөн жерим жок. Марат Иманкулов мырза жана ал кишинин тарапташтары сөз сүйлөтүшпөдү. Албетте мындай учурда эмоцияга алдырууну туура түшүнүү менен кабыл алабыз жана "Таза Кыргызстан" партиясынын мыйзамда көрсөтүлгөн убактысын каалаган учурда колдонуп кетүүсүнө

Ийгилик, тынччылык каалап,

И. Карыпбеков.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

phot1