Данакер

16 , Апр, 13:03 1178

Кыргыз балетинин чолпон жылдызы Б.Бейшеналиева

image

СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева чет элдик балет-спектаклдерде Раймонда, Жульетта, Лауренсия, Одетта, Эсмеральда жана башкалардын ролдорун аткарган. Ал эми кыргыздын “Анар” балетинде Анардын, “Ала-Тоодогу жазда” Сайранын, “Куйручукта” Зейнептин, “Аселде” Аселдин, “Чолпондо” Айдайдын Чолпондун образдарын жараткан. 

Б.Бейшеналиева 1954-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти, 1970-жы­лы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси болгон. Эмгек Кызыл -Туу ордени, “Ардак белгиси” медалы менен сыйланган. СССРдин Жогорку Кеңешинин 6-7-чакырылышынын жана Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. 

Устаты тууралуу КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Эл аралык конкурстардын жана Нурдин Түгөлов атындагы сыйлыктын лауреаты, К. Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын “Хореография режиссурасы“ кафедрасынын башчысы Зарылбек Молдобакиров айтып берди.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз