Ашкана ажары

12 , Июль, 9:55 487

"Ашкана ажары": немецтердин "алмурут штруделин" татып көргөн адам аны өмүр бою сүйүп калат

image

Бүгүнкү түрмөгүбүздө немецтердин тамшандырган улуттук таттуусу «алмурут штруделинин» кандай даярдала тургандыгы тууралуу бөлүшөбүз.

Немецтердин улуттук штруделин адатта баардык эле дасторкондордон көрүүгө мүмкүн эмес. Эң биринчи кезекте аны даярдоодо кожойкеге кыйын деп элестелиши мүмкүн. А бирок чындыгында алмурут штруделинин даярдоо ыкмасы андай деле оор эмес. Бул шедеврди ашканаңызда 2 эле жолу даярдаган болсоңуз, бүт үй бүлөө мүчөлөрү аны өмүр бою сүйүп калышаары анык. Анда эмесе немец штруделинин баардык сырларын ачып берели.

Керектелүүчү азыктар:

ун 460 грамм

рафинаддалган май 55 мл

таза суу 55 мл

жумуртка 2 даана

камырга туз

алмурут 1 даана

кумшекер 110 грамм

кургатылган нан 30 грамм

картөшкө крахмалы 15 грамм

ваниль кумшекери 15 грамм

Даярдалуу ыкмасы төмөндөгүдөй :

Эң биринчи түбү туюк болгон табакты алып ага жумуртканы чагып рафинаддалган майды теңме тең кылып ичине куябыз. Андан кийин вилканын жардамы менен бир түрдүү массага келгенчекти жакшылап чалабыз.

Эми акырындык менен үстүнө унду себелеп, бир чым-чым туздан кошуп камыр жууруйбуз. Жуурулган камырыбызды тамак салынуучу пакетке ороп муздаткычка 30 мүнөткө коебуз.

Ага чейин биз убакытты бекер коротпой жакшы бышкан алмурутту алып ичиндеги уругун, сыртындагы кабыгын аарчып, майда кылып үч же төрт бурчтук түрүндө туурап алабыз

Эми тууралган алмурутту ылайыктуу табактын ичине салып, ичине 1 чай кашык картөшкө крахмалын, жарым стакан же даяр пакеттеги ванильди кошуп, баарын аралаштырабыз.

Кийинки кезекте муздаткычтан камырыбызды алып чыгып тегерек түрүндө жайып үстүнө ундан сээп алабыз. Камырдын бетине каткан нандын күкүмүн себебиз, ал алмуруттан чыккан ширени камырдын сыртына чыгарбай өзүнө сиңирип алганга жана штрудельдин сырты катырак болуп бышканга жардам берет. Андан кийинки катмарга шекер аралашкан алмурут жана крахмалды тегиз кылып себебиз.

Камырды кокустук менен оюп же кандайдыр бир этиятсыздык менен бузуп албашы үчүн,өтө кылдаттык түрдө рулет түрүндө оройбуз. Эгер камырыбыз өтө эле назик болуп турса, анда аны башында эле кездеме чачыгынын үстүнө коюп алышыбыз керек. Рулет кылып ороорго келгенде анын жардамы жакшы тиет.

Штруделибизди ороп, эки жагын кымтылап бекитип, аны атайын темир меште колдонулуучу кагаздын үстүнө коебуз. Штрудельдин сырты кызгылтым болуп бышуусу үчүн анын үстүн жумуртканын сарысы менен сыйпап анан бир аз кумшекерден себелеп коебуз.

Темир мешти алгач 180 градуста ысытып алып, ичине алмурут штруделин салып болжолу менен 45 мүнөткө коюп бышырабыз. Таттуу десертибизди кесээрдин алдында бир аз муздаганча тыныктырып коюу керек, муну менен таттуубуз бычака жабышпай тегиз кесилет.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз