Улуттук кийимдер

13 , Июль, 5:43 550

Улуттук кийимдер: Перуда 40 жаштан нары улуттук кийим кийип жүрүүнү туура деп эсептешет

image

Бүгүнкү түрмөктө соодагерлердин, кол өнөрчү, усталар, көл жээгинде туристтерге кызмат кылган администраторлор жана балыкчылардын мекени Перулуктардын улуттук кийими тууралуу маалыматтар менен бөлүшөбүз.

Перунун жаратылышы тоолуу, бак-дарактуу, чөлдүү жана ошол эле кезде Тынч Океандын кооздугу менен куурчалып тургандыгына байланыштуу, аба-ырайы дагы ар түркүн болуп өзгөрүлүп турат. Мисалы декабрь, январь, февраль айлары бизде кыш мезгили болсо, аларда тескерисинче жайдын ысык аптаптуу мезгили болуп саналат. Перуда адатта кечуан жана аймар уруулары жашагандыгына байланыштуу салттык кийимдеринде дагы өзгөчөлүктөрү бар. Кечуандардын жашаган жери Анда. Бул жер кыйла алыс жайгашкандыктан кечуандар өзүнчө цивилизациядан калып калгандай сезилет жана аларга жетүү оңой эмес. Жол жок, тиричилике керектелүүчү комуникациялар көп жерде иштебейт. Ошондуктанбы, айтор алар өз уруусунун каада-салттарын, улуттук кийимдерин, кол өнөрчүлүк өндүрүштөрдү азыркы учурга чейин бекем сактап калган.

Тоолуу аймактарда орун алган перуандыктар жайында салкын, кышында катуу суук жаратылыштын кабагына чыдап жашашат жана калкы кедей келет, а бирок алардын улуттук кийимдери дайым көңүлдү көтөрүп туруучу кызыл ачык түстөрдө тигилет. Өзгөчө күнүмдүк турмушта көчөдө пончо аттуу үстүгө жамына турган жеңсиз сырт кийим жана төөнүн жүнүнөн токулган шляпа кийип жүргөндөрү дароо көзгө урунат. Төөнүн жүнү натура кызыл боегучтар менен боелот. Токулган кийимдерди адатта кечуа жана аймар урууларынын стили деп айырмалоого болот.

Перуда ар бир уруунун өз стилинде тигилген улуттук костюмдары болот. Кээде бири-бирине жакыныраак жайгашкан уруулардын кийимдеринин окшоштуктары дагы кездешет. Бирок ар бир уруунун кийген кийимдеринин өзүнүн өзгөчөлүктөрү аркылуу кайсыл уруу экендигин далилдеп турган белгилер камтылган. Кийимдердин баардыгы колго токулгандыгы менен бааланат.

Уламыштарга байланыштуу жазуучу Артуро Химе­нес Борха белгилеп өткөндөй кийимдин өзгөчөлүгүн жана ырдын уккулуктуу жагын кудай перуандыктарга берип койгон, ошондуктан алар өз каада-салт, улуттук кийимдерин өзгөрбөй келишет деп айтканы бар.

Учурда жаш перуандыктар заманбап кийүүгө умтулушат, бирок ошондой болсо дагы баары бир кийимдеринде сөзсүз улуттук элементтер камтылган, ал эми 40 жаштан наркы муундар улуттук кийимдерди кийип жүрүүнү туура деп эсептешет. Эзелки кылымдардан бери келаткан эң байыркы улуттук кийимдерди учурда Перунун өзүндө салтанаттарда, үйлөнүу-үлпөт тойлорунда, диний ырым-жырымдарда жана фестивальдарда тынымсыз байма-бай кийип катышкан жашоочуларды жолуктурууга болот. О.э тилектештикти же нааразычылыкты билдирүү үчүн калың эл эң байыркы улуттук кийимдерин кийип жөө жүрүштөргө чыгышат. 

Перудагы кечуандык айымдардын улуттук кийимдери бир нече элементтерди камтып тигилген. Дис­трикта Ольян­тай­тамбо аталышындагы айымдардын улуттук кийимин кийип жүргөн жашоочуларды ыйык Инктердин өрөөнүнө жакын, Куско регионунда жайгашкан Урубамба айыл жактарынан жолуктурууга болот. Айымдар адатта ийиндерин Льик­лья аттуу таарлар менен жаап, төш жагындагы бөлүгүн төйнөгүч менен төйнөп алып жүрүшөт. Бирок эми заман өзгөрүп, эволдюцияга жараша учурда туту деген англичандардан келген чоң төйнөгүч менен төйнөп жүргөндөрүн байкоого болот. Льик­лья адатта кызыл түстөн турган кездемеден токулат. Ликльяны токуп жаткан айым саймаланган кооздуктардын ар түркүнүн, оймо-чиймелердин өзгөчөлүктөрүн, кездемеде тартылган жаныбарларды, жаратылышты, улуттук белгилерди, өсүмдүктөрдү саймага түшүрүүнү билүү керек.

Аймара уруусундагы айымдардын кийимдери тууралуу кеп кыла турган болсок, адатта айымдардын баш кийимдери куштун канаттары,шурулар менен кооздолгон кызыл ж.б ачык түстө болот. Адатта мындай баш кийим менен жакалуу көйнөктөрдү кийгенди жактырышат. Илгертен бери сакталган салт боюнча чачтарын экиге өрүп артка таштап коюшат, анан сөзсүз перуандык айымдын аркасында кап сымаал рюкзака окшош баштык илинип жүргөнүн көп байкай аласыз. Бул жерде кап дагы чоң рольду ойнойт десек жаңылышпайбыз,себеби күнүмдүк турмушта керектелүүчү буюмдарды, азык-түлүктөрду салып жүрүүгө абдан ыңгайлуу келет. Мындай баштык биринчиден көйнөктүн түсүнө, стилине жарашыктуу болгон кооз баштык болушу шарт.

Албетте бул жерден шляпа тууралуу сөз кылып кетпесек да болбойт, себеби кайсыл жыл мезгили болбосун Перуда ар бир экинчи айым башына шляпа кийип жүрөт. Кышында дагы күндүн нуру ачуу келгендигине байланыштуу шляпа жыл мезгили боюнча баштан түшпөгөн буюм десек болот. Шляпалардын модельдери ар кандай, Перуда ар бир райондун өзүлөрү кийген шляпалардын стили бар, адатта бирок бизге ал баш кийимдер эркектерге ылайыкталып тигилгендей көрүнүшү мүмкүн.

Перуда жайында түнү -2-1 болсо, күндүзү +25 градуска чейин күн жылыйт. Бирок аркыраган шамал денени ичиркентип, күндүзу деле абдан салкын болуп турат. Ал эми жергиликтүү калк аба-ырайынын сырына көнгөндүктөнбү дайым үстү ачык болгон жайкы бут кийимдерди кийишет, таң калыштуусу мырзалардын жана айымдардын дагы бут кийимдери күрөң түстө болот.

Албетте Перунун борборунда жашаган калк учурдун талабына жараша стилдүү кийинишет. Перу өзгөчө шаар, туристтерди кызыктырган тоолор, океан, чөл ж.б көптөгөн кызыктуу жерлери бар. Борбордо жашаган жергиликтүү калк саркеч кийимдерди кийүүнү каалашат. Чет өлкөнүн деңгээлинде кийинүүнү каалаган перуандык айымдар заманбап кийимдерди алышса дагы, салтты бузбастан дүкөндөн кызыл түстөгү кийимди сатып алып кийишет. Бир гана монахинялар ачык боз, ак аралашкан кийимдерге басым жасашат.

Өз улуттук кийимин унутта калтырбастан атадан-балага, кийинки муундарга өткөрүп келаткан перуандыктар сыймыктанышса болот. Кайсыл бир ресторанга же сатуучу жайга кирбеңиз кызыктарганы кардарларды улуттук кийим менен тейлеп жаткандыгын карап суйүнөсүң.






Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз