Адабий дүйнө

12 , Сент, 11:59 987

Чыңгыз Айтматов - кыргыз элинин көөнөргүс сыймыгы

image

Бүгүнкү күндө Ч.Айтматовдун чыгармалары 127 мамлекетте 176 тилде, 80 миллион нускада жарыкка чыккан. Ал эми анын чыгармачылыгы жөнүндө дүйнөнүн 47 мамлекетинде 328 китеп, 3740 илимий макала жарык көргөн. 

Ошондой эле дүйнөнүн театрларында Айтматовдун чыгармаларынын негизинде сахналаштырылган 500гө жакын спектаклдер коюлган. Буга чыгармаларынын кино тасмаларында чагылдырылышын кошсок, алп Айтматовдун турпаты дагы даана тартылат. Мына ушундай эмгектеринин натыйжасында, Ч.Айтматов жер шарынын 63 мамлекетинин 102 орден жана алтын медалын алууга татыктуу болгон. 


Ч.Айтматовдун чыгармалары аркылуу Кыргызстан, кыргыз эли деген сөздөрдү азыркы учурда жер шарынын китеп окуган адамдары жана кино көрүүчүлөрү жакшы билип калышты. 

Ч.Айтматов “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесин өткөрүүдө зор эмгек жумшаган инсандардын бири болгон. 1968-жылы манасчы Саякбай Каралаевдин варианты китеп болуп чыкканда, Ч. Айтматов китепке редакторлук кылган. ЮНЕСКО үчүн жазылган “Манастын миллион сабын жат билген” деген макаласын жазуучу Саякбай Каралаевге арнаган. 

“Манасты” дүйнөгө таанытуу үчүн ЮНЕСКОго чыгып, ушул Эл аралык кадыр-баркы чоң уюм аркылуу аракет кылгандардын бири Ч.Айтматов болгон. Айтматовдун  ааламдагы орду чыгармачылыгы тууралуу журналист Папан Дүйшөбаев бизге маек куруп берди.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз