Улуттук кийимдер

17 , Сент, 11:34 456

"Улуттук кийимдер": Аозай Вьетнам өлкөсүндө эң популярдуу айымдардын улуттук костюму

image

Вьетнам социалисттик мамлекет. «Việt»-титулдук улут дегенди түшүнүктү берсе, ал эми «Nam» вьетнамча түштүк дегенди билдирет. Вьетнам деген сөздү эң биринчи жолу Нгуен Бинь Кхием аттуу акын өзүнүн “Чанг Чиньдин пайгамбарлыгы” аттуу китебинде жазып чыккан. Вьетнам согуш кырдаалындагы көп кыйналычтуу жагдайларды башынан өткөргөн мамлекет болуп саналат. Экинчи дүйнөлүк согуштагы кардуу жылдар, Япондордун баскынчылыгынын алдында калган күндөр, биринчи жана экинчи индокытай согушундагы жүрөк үшүн алган апааттар вьетнам элинин түптөлүшүнө бир топ зыянчылыктарды келтирген десек болот. Азыр эми заманбап жашоонун агымы менен вьетнамдыктар баардык калган башка мамлекеттердегидей эле күнүгө эмгек менен иштеп алупуруш келишет.

Мамлекетте 9,3%буддалыктар, 6,7% католиктер, 1,5% хао-хао лор, 1,1% каодайлар, 0,5% протестантар түзсө ал эми 80,8% бардык нерседе жан бар деп түшүнүкө ээ болгон тактап айтканда атеисттер катталган. Мал чарбачылык, өндүрүштүк-тармактары тарабынан алып карай турган болсок, вьетнамдыктар балык улоочулук ишетри менен алектенишет. О.э гүрүч, кофе, пахта, чай продукцияларын өндүрүп келишет. Ал эми калемпир, соя, банан, кокос, кант камышы, арахис, канаттуу куш эттери, деңиз азыктарын экспортко жөнөтүп ишетешет.

•Вьетнам тууралуу кызыктуу маалыматтар менен бөлүшсөк. Уламыштарга караганда вьетнам эли жомоктогу сыйкырчы аял фея ажыдаарынан төрөлүп чыгышкан деген айтымдар бар.

•Вунгтау шаарында 2002-жылдардан тартып орустардын православдык сыйынуучу жайлары ачыла баштаган.

•Вьетнамдан алыс эмес жайгашкан Данан деген жерде дүйнө жүзү боюнча эн узун абдан жоон аркандан жасалган жолу жайгашкан.

•Вьетнам мамлекетинин картасын караганда латын тамгасы s ти элестетүүгө мүмкүн.

•Бухта Халонг ЮНЕСКО тарабынан бүткүл дүйнөлүк жаратылыш мурасы катарында кабыл алынган.

• Аозай Вьетнам өлкөсүндө эң популярдуу айымдардын улуттук костюму.

•Нгуен аттуу фамилия Вьетнам боюнча эң популярдуу жана көп катталган фамилиялардын катарын ээлейт экен. Болжолу менен жайгашкан калктын 40% дал ушул фамилия менен катталгандардын санын түзөт.

Вьетнамда кол өнөрчүлүккө абдан кызыгышат, мончоктордон тизип көп нерселерди жасашат. Вьетнамдыктар да колго жасалган нерселерди абдан баалашат, аларга өзгөчө маани беришет. Бүгүнкү күндө заманбап текстильге жакын келген Вьетнам өлкөсү кийим-кечектерди чыгаруу жагынан эмес сатуу жагынан иш алып барышаарын айтсак болот. Муну менен биз программабызда кийимдер темасына өтсөк деп турабыз. Жогоруда айтылгандай эле айымдар Аозай Вьетнам өлкөсүндө эң популярдуу айымдардын улуттук костюму болуп саналат.

Аозай айымдар улуттук кийимин элестетүү үчүн төмөнкүдөй сүрөттөп берсек болот: Заманбап түрүндө бул көйнөк жибектен тигилген узун көйнөк, адына шым кийилет. Учурда айымдар мындай көйнөктөрдү адатта майрамдарда, салтанаттарда кийип чыгуусун көрсөк болот. О.э аозайды мектеп окуучулары, стеденттер, кеңсе ишкерлери да кийүүчү форма катарында эсептелинет. Аозайдын келип чыккан тарых-таржымалы дагы деле толугу менен иликтенип чыга элек. Бирок көйнөктөргө түшүрүлгөн сүрөттөргө караганда, 10 кылым мурда эң биринчи аозай жаныбарлардын терилеринен жана куштардын канаттарынан Чынг аттуу эже-сиңдилердин династиясына чейин кийилген кийим катарында айтылат.

Зя Лонге император учурунда болжолу менен 1802—1819 жылдары аозай үлгүсүндөгү көйнөктөрду дворяндар жана шаардыктар кийишкен экен. Аозайдын боорундагы 2 топчу бойдок, 4 топчу үй-бүлөлүү, ал эми и 5 топчу философиялык маңыздагы боорукерлик, сыйкерчил, сылыктык, асылзаттык, акыл-эстүүлүк жана берилгендик деген тушунүкту билдирип турган. 5 топчу ошондой эле символ катарында ааламдагы планеталардын ичинен Меркурий, Венера, Марс, Юпитер жана Сатурн дегеди билдирген. Майрамдарда айымдар аозай менен бирге баштарына кара жоолук салынып анын үстүнө кенен жайылган жалпак түрүндөгү шляпаларды кийишкен ал (нонкуайтхао) деп аталат.

20-кылымдардын башында (1932—1935) жылдары кездемеге жана кийимдин үлгүсүнө өзгөртүүлөр киргизилген. Вьетнамда ар кандай түстөгү кездемелердин түрлөрүнөн аозайлар тигиле баштады десек болот. Эн олуттуу иштердин бири 1934-жылы батыш маданиятынын түрткүсү менен Ле Мур аттуу сүрөтчүнүн салымы аркылуу аозай модельдеринин жаңы үлгулөру заманбап журналдар беттерине чыккан.

Узун-кыска, жабык-ачык жакалары менен түркүн-түрлүү чыгарылган аозайлардын үлгүлөрү ушул тапка чейин чыгарылып келет. Дегеле аозай маданият тармагында көп колдонулуп, чыгармаларда көп чагылдырылып, сүрөттөлуп келет. 1 эле мисалы катарында айтсак атактуу композитор Фам Зуй жана Чинь Конг Шондун чыгармалары аозайдын маданияты, аны кийген айымдардын сулуулугун даңазалап турат.





Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз