Кубулжуйт элдик аспаптар

20 , Сент, 10:15 702

"Кубулжуйт элдик аспаптар": Мадагаскар эли сүйгөн калимба

image

Калимба-Африканын борборунда, түштүк аймактарында жана Мадагаскар аралы жайгашкан жерде кеңири тараган улуттук чертме музыкалык аспап.

Тарыхый маалыматтар боюнча калимба Американын европалык колонистери негр расасындагы малайларды жаңы жерге көчүрүү максатында Кубага алып келатканда алар менен кошо келген деген айтымдар бар.

Калимба көпчүлүкө ар урууларда ар түрдүү аталышта айтылып келгендиги менен белгилүү, айтсак анын бир нече аты бар: сансула, цанца, санза, мбира, мбила, ндимба, лукембу, лала, малимба, нданди, нжари, мганга, ликембе, селимба жана башкалары. Алардын ичинен музыкалык аспаптын официалдуу аталышы Россияда «цанца», батышта “калимба” деп окуу китептеринде которулган.

Калимба адатта африка элинин салттуу ырым-жырымдарында жана музыка чөйрөсүнүн чеберлери арасында көп колдонулат. О.э калимбаны “Африка элинин кол фортепианосу” деп да коюшат. Обон аркылуу окуяларды сүрөттөгөн бул виртуоздуу музыкалык аспап обонго, үнгө ээрчип ойнолот.

Чоң көлөмдөгү калимбалар жандуу төмөнкү бас ыргактардын коштоосу менен каңгырак, күңгүрөк, дүңгүр кошумча үндөрдөн кайталангыс добуштарды жаңыртып турат. Ал эми кичинекей калимба майда буюмдар сакталуучу музыкалык кутучадан чыккан үндөргө окшоп тунук, назик обондорду жаратат.

Калимба ар түрлүү өлчөмдө болот. Аспаптын бет жагы 100-350мм, тилчелеринин узундугу 30-100 мм ал эми жазылыгы 3-5мм ге чейин. Калимбанын үн чыгара турган тарабы, анын тилчелеринин санына жараша болот.



















Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз