Улуттук кийимдер

25 , Сент, 7:32 536

"Улуттук кийимдер": Осман империя учурундагы түрк элинин улуттук кийимдери

image

XV кылымда Византиялык империя толугу менен кыйрап, белгилүү түрк султаны Мехмед 2-и Константинопольду багындырып жеңишке жеткен убактагы түрк элинин кийген улуттук кийимдери. 

Осман-түрктөрү баш ийдирген элдин маданиятын өзүлөрүнө кабыл албагандыктан жана кийген кийимдердин өзгөрүүсүнө диний ишеним жол бербегендигине байланыштуу, кайсыл кылым болбосун аялдардын жана эркектердин о.э балдардын улуттук кийимдери алмашпастан өз бийиктигин сактап келген. А бирок ошол учурдагы алдыга өсүп, өнүгүп бараткан араб жана перс элдеринен алардын салган үйлөрүнун сырткы кооздуктарын жасалгалоо жагын түрк эли өзүлөрүнө үлгү катарында кабыл алышкан. Тилеке каршы көпчүлүк учурда андай баалу буюмдар карактоо жолу менен алынып келинген байлыктын эсебинен жасалгаланган. Ошентип үй кожоюндары короолорун гүлдөтүп, айланасын укмуштуудай таштар менен коздошкон. 

Осман империясындагы мезгилде түрк улуттук кийимдери зыгырдан, кагаз өндүрүшүнөн, жүндөн, жука жибек кездемеден, атластан, муслинден, батистен жана а түгүл жаныбарлардын баалуу терилеринен, эчки, кой терисинен боёлуп жасалган жука булгаарылардан тигилген. Адатта тигилген костюмдар ак, кара, жашыл, кээде кызыл түстө болгон. Айтымдарга караганда Мухамед пайгамбар өзү дал ушул түстөрдөн тигилген кийимдерди кийген дешет.

Осман империясында түрк султандары ак түстө гана кийинишкен, согуштук кызматчылардын кийимдери ак жана жашыл түстө болгон. Улуу вазирлердин салтанатка кийилүүчү кийимдери ак жибек жиптен тигилсе, Муфтийдин кийими ак түстөгү сукнодон, ал эми дин жолунда жүргөн элдин кийими жашыл түстө болгон.

Осман империясы башкарып турган мезгилде эркектер закон менен бекитилген коомдук түркүм боюнча шым, көйнөк, жеңсиз бешмант, куртка же узун этектүү кафтан кийишип жана бел боо тагынышкан. Эркектерге таандык болгон “Дзагшин” аттуу жука жибек жана болотнайдан тигилген түрк мырзаларынын шымы алгач тигилгенде абдан кенен жана узун болуп жерге чейин бүктөлүп түшүп турган. Андан кийин дзагшиндин дагы бир бычылган түрү чыккан, ал кыскараак тизеге чейин тигилген шым болгон. Адатта мындай кыска шымды янычар-аскерлери кийишкен. Бул шымдын ичинен тизеден өйдөгө чейинки байпак кийилген. 

Эркектер шымдын үстүнөн жеңдери кенен болгон “каис” деп аталган узун этектүү көйнөк кийишкен. Көйнөктөрдү жука жол-жол болгон жарым жибектен, болотнайдан, муслин кездемелеринен тигишкен. Узун этектүү, кенен кафтандарды тигүү үчүн бир түстүү же жол-жол болуп түшкөн кездемелерди колдонушкан. Адатта кафтан топчулама же кымтылама түрүндө болгон. Кафтандын этегин астыртан жең ичинен кайрып же кемерге бекем кадап кийүү ыкмаларын колдонушкан. Аскер кызматкерлеринин кафтаны чыканака чейин кыска же болбосо такыр эле жеңи жок болгон. 

16-ы кылымда кафтандын ордуна “субун” деп аталган жеңсиз бешмант жана «суджери» деген куртка кийип баштаган. Алды туюк болгон жеңсиз бешмант көк же кызыл түстөгү сукнодон тигилип, оймо-чиймелер менен саймаланып, эки капталы топчулар менен кадалып жасалгаланган. Бешмант менен кафтанды белбоо менен байлап кооздук үчүн түрдүү жиптен жасалган чачыла сыяктуу бахроманы колдонушкан. Аскер кызматкерлери белбоонун ордуна темирден согуп жасалган булгаары кемерлери менен өзгөчөлөнүшкөн. 

Осман империясындагы учурга туш келген айымдардын улуттук кийимдери эркектердикине окшошураак келген. Эркектер сыяктуу эле аялдар дагы тайпа сыяктуу жука кездемеден, жибектен, болотнайдан бир аз саргычыраак келген же жол-жол болгон түстө тигилген шымдарды кийишкен. 

Ал эми шым үстүнө кийчү көйнөктөрү эркектердикине салыштырмалуу кыска тигилген. Түрк айымдары үстүңкү жагына көйнөктүн жеңдери чыгып турган кенен кафтан кийишкен, ал адатта жибектен саймаланып кооздолгон. Көчөгө чыгаарда аялдар жакалары төрт бурчка кайрылган, жашыл түстөгү жибектен тигилген кара плащтарды үстүлөрүнө жаап жүрүшкөн. Орточо деңгээлдеги үй-бүлөөдө жашаган айымдар үстүлөрүнө жол-жол сүрөттөрү бар жүндүү кездемелерди же абдан узун жапкычтарды жамынышкан. Ошол учурда дин ишеними абдан күчтүү болгондугуна байланыштуу Мухамед пайгамбардын буйругу боюнча аял кишилер кары кемпирлерден жана жакын туугандарынан тышкары өзүнүн жүзүн жана бутун башкаларга көрсөтпөшү керек деп санашкан. Түрк айымдарынын буттары шым менен ал эми башы менен жүзү “марама” аттуу жапкычтар менен жабылган. 

Мырзалардын бут кийимдеринин баш жагы ийилген жана кенен кыска өтүктөргө окшош болгон. Алар эчки,кой терисинен боёлуп жасалган жука булгаарыдан тигилген, ал эми үйдө саргыч түстөгү жеңил коңчу жок батинкелерди кийишкен. Айымдар үйдө сафьян деп аталагн кой, эчки терилеринен тигилген жеңил, жумшак, тамандары жыгачтан жасалган бут кийимдерди колдонушкан. Кызыл түстөгү сафьян башмактарын жана темирлер менен жасалгаланган бийик такалуу жарым өтүктөрдү көчөгө кийип чыккан айымдардын сулуулугу, тулку боюна төп жарашыктуу болуп чыга келген. 

Осман империясынын учурундагы эң негизги баш кийимдердин бири бул тюрбан болгон. Тюрбандын кеңири тараган эки түрү, ал "колпак" түрүнө окшош жана ар кыл чоңдукта жасалган жана узун жука жибектин же муслин кездемесинин кесиминен тигилген формадагысы болгон. Түрк элинде мусульман кызыл түстөгү тюрбан кийүүсү шарт делгендиги менен адатта ак түстөгү тюрбан көп колдонулган. Бир гана Эмир жашыл түстөгү тюрбанды кийген, калгандарга уруксаат берилген эмес.

Тюрбанды кооз таштар. Берметтер жана куштун канаттары менен жасалгалашкан. Баш кийимге тагылган куш канаттары саналуу санда гана тигилген. 16-кылымда султандын тюрбанына бриллиант асыл таштары жабыштырылып, куштун 3 канаты гана кадалган. Улуу вазир кийген тюрбанында 2 канат, ал эми калган төрөлөрдүн, маңсабы бар кишилердин баш кийиминде бирден канат кадалып турчу. 

Дүйнөнүн эң күчтүү Осман империясы боло алган түрк-ислам мамлекетинде эркектердин эң кооз жасалгасы катары алардын сакалдары болуп эсептелинген. Ошондуктан ар бир өзүн сыйлаган эркек сакалын тегиздеп, ага өзгөчө мамиле менен кам көргөн.





Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз