Данакер

19 , Окт, 5:06 386

Ар дилде мукам күү, ар элде дастан

image

Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги, Кыргызстан элинин ассамблеясынын “Иттипак” уйгур диаспорасынын өкүлү, Абдулазиз Авам уулу Маметбакиев 1941-жылы 20-апрелде Чыгыш Түркстандагы азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы Кулжа шаарында туулган. 

1968-жылы Казакстандын Чимкент шаарындагы педагогикалык институтун аяктаган. Кыргызстандын мектептеринде математика мугалими болуп эмгектенүу менен усулдук иштерге аралашкан. Кыргыз акын - жазуучуларынын чыгармаларын уйгур тилине которуп, аларды бир нече газета журналдарга жарыялап турган.

Ошону менен катар чет элдик калемгерлердин Чыңгыз Айтматов жөнүндө жазган макалаларын кыргыз тилине которуп, окурмандарга сунуштаган, ошондой эле жазуучунун "Ак жаан", "Атадан калган туяк", "Кыямат" чыгармаларын уйгур тилине которгон. 


Учурда аксакалдын колунан “Чынгыз Айтматов-дүйнөлүк инсан“ аталыштагы китеби жарык көрүп окурмандарга сунулду. Анда залкар жазуучунун 4 чыгармасын ыр менен жазган, ошол эле китепте акындын “Миң жылкы” тарыхый поэмасы да орун алган. Инсан чыгыш элдеринин табыпчылык илимин баяндаган "Турмуш кеңешчиси" деген чыгарманы кыргыз тилинде жазган. Бул чыгарма "Кыргызстан" басмасынан жарык көргөн.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз