Ашкана ажары

18 , Нояб, 12:40 416

"Ашкана ажары": "Птифур" Франция таттуусу

image


Птифур- деп бир эле камырдан бирок ар түрдүү түзүлүштө кооздолуп жана ар кандай кошулмаларды колдонуп даярдалган печеньелердин топтомун айтабыз. Көп учурда птифурду жумуртка, ун жана канттан жасалган таттуу нандын бир түрүнөн же үбөлөнмө камырдан бышырып, үстүлөрүнө крем же уютулган шире куюуп кооздошот. Мындай жеңил жана чакан таттуу печенье оозго бир салыныраарлык көлөмдө эле даярдалат жана ал тамак артында кофе, чай, коктейль менен тартууланат.


“Птифур” аттуу таттуу печеньенин тарыхы 18-и кылымда Францияда көтөрүлүш учуру кайнап турган мезгилде пайда болгон. Ал убакытта бир бука батчуудай абдан чоң мештерди колдонушкан. Андай мештерди жагуу абдан кымбат баага туура келген, себеби алар көмүр жана жыгач менен иштеген о.э ысытуу үчүн көп убакыт талап кылынган. Азыркы мештердей температураны дагы көзөмөлдөө мүмкүн эмес эле, анан да көп убакытта араңдап отуруп муздаган. Мешти максаттуу түрдө туура пайдалануу үчүн, ашпозчулар өзгөчө кичи көлөмдөгү тортторду даярдап башташкан, тактап айтканда отту кайрадан экинчи жолу жагып отурбастан, кичинекей көлөмдөгү көп сандагы таттууларды баарын бир эле бышырып алуу аракеттерин жасашкан.


Птифур бир нече түрлөргө бөлүнөт. Алардын ичинен кургак түрлөрүнө кирген: безе, печенье, каттама камырлардан жасалган таттуулар. Катырылган түрлөрүнө: эклер, тарталеткалар кирет. Эгер птифур печенье турүндө болгон болсо, анда ал туздуураак болот жана адатта коктейль менен тартууланат. Айрым кондитердик фирмалар кардарлары үчүн таттуулардын түрлөрүн аралаштырып бир топтом кылып кутучага салып беришет. Жаңы бышырылган турлөрүнө: petits fours мини торттору, эклер же корзиналары кирет. О.э таттуу эмес птифурлар түрлөрү да бар, алар адатта спирттик ичимдиктер менен жей турган тамактар катарын толуктайт.


Адатта птифураны бисквиттен торт же үбөлөнмө камырдан печенье кылып даярдашат. Мындай кичирейтилген торттун түрлөрү бир жегенге гана ченелип жасалат. Бүгүн птифуранын абрикос жана мак менен жасалган түрүн тааныштырабыз. Биз даярдай турган камырдан 25 даана кичинекей көлөмдөгү, чакан жеңил торт чыгат.


Абрикос птифурасына:


•170 грамм сары май


•300 грамм шекер


•4 даана жумуртка


•180 грамм ун


•30 грамм мак


•1 чай кашык лимондун күкүмдөгөн кабыгы


Нугатин үчүн:


•2 грам пектин


•50 грамм шекер


•110 грамм сары май


•50 грамм сүт


•50 грамм глюкоза


•100 грамм мак, о.э абрикос кыямынан 400 грамм керектелет.


Алдын ала темир мешти 170 градуска коюп дайындайсыз. Андан кийин нугатин үчүн даярдыктарыбызды көрөбүз, ал үчүн 2 грамм пектин менен 50 грамм шекерди, 50 грамм глюкоза, сары майды кошуп аралаштырып орточо отто 110 градус ысыкта кайнатып алабыз. Кийинки кезек макты кошуп аралаштырабыз.


Ысык кошулманы силикондуу таарчага же пергамент кагазына чыгарып, тегиздеп сыйпап алабыз. Темир меште 20 мүнөткө коюп бышырабыз. Андан кийин темир мештен алып чыгып өзүңүз каалаган формада кесип алсаңыз болот. Таттуубуздун үстүнө кооздук үчүн коюлуучу мак аралаш кооздук даяр болду. Эми бисквитине киришебиз.


Бисквит үчүн: бөлмө температурасындагы сары майды алып, шекер менен кошуп аралаштырып көптүрүп алабыз. Кошулмага лимондун күкүмдөгөн кабыгын жана жумуртканын сарысын кошуп аралаштырабыз .


Унду сээп үстүнө, камырды анан макты кошуп баарын чогуу жакшылап аралаштырабыз. Жумуртканын агын өзүнчө миксердин жардамы менен көптүрүп алабыз .


Атайын калыптарга даяр болгон аралашмабызды жарымдатып салып 180 градуста 20 мүнөттө бышырабыз. Даяр болгон бисквиттерди калыптан алып чыгып, муздатабыз. Үстүлөрүнө абрикос кыямынан жана жогоруда даяр болгон макаралашма кооздугубузду коюштуруп кооздойбуз.


 Даярдаган: Таттыбү Назаркулова



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз