Улуттук кийимдер

18 , Нояб, 9:43 429

"Улуттук кийимдер": Фиджи элинин улуттук кийими

image


Байыркы этностордун бир нечеси Тынч океандын жээгине көчүрүлүп келип, отурукташып калуусунун жыйынтыгында Фиджи эли пайда болгон. Жергиликтүү тургундардын эң негизги милдеттеринин бири балдарга  туура тарбия берүү, алардагы эң мыкты сапаттар ийкемчилдик жана сабырдуулук болуп саналат. Фиджиликтер каалгасын эч качан жабышпайт муну менен алар келген адам ким болбосун баарына үйүбүздүн эшиги ачык дегенди билдирет. Бий маданияты аралдыктар үчүн маданияттын бир түрү. Бала төрөлгөндөн тартып замандаштарын акыркы сапарга чейин бий маданияты менен узатышат. Кайсыл бир учурларда бул аралга каттаган соодагерлер менен далдалчылар өзүлөрү менен кошо диний маданиятын ала келип, ошол бойдон азыркы күнгө чейин салттуу түрдө фиджиликтерге сиңип элдик ырым-жырымдарда колдонулуп келет. Учурда Тынч океандын ар бир булуң-бурчунда церковьдо ырдаган фиджиликтерге суктангандар арбын, алар чоң ийгиликтерди жаратышып көргөн эл кулак тундурган кол чабуулар менен коштоп турушат.


Фиджиликтер кенен кийимдерди кийген эл. Эркектер адатта элементтери бар күнүмдүк турмуштагы кийимдерди, ал эми айымдар коңур-боз түстүү “сулу” деп аталган белинен байланып кыйгачынан ачып жабылма юбкаларды кийишет. Айылдарда аял-затынын сари кийип жүргөнүн байкасак, эркектер согончоко чейин жеткен узун этектүү “мумму” көйнөгүн кийишет. Эң негизигиси маданияты боюнча уят-сыйыттуулукту сактаган, жөнөкөйлүк жана сабырдуулукту чагылдырган кийим болушу керек. Адатта мейманга бараарда ачык кийимдерден жана спорт костюмдарынан баш тартышат. Бул айлана-чөйрөдөгү жашоочуларды сыйлабастыктын жузүн билдириши мүмкүн. Жергиликтүү тургундар айыл жергесинде шляпа кийип жүрүүдөн качышат, анткени мындай баш кийим фиджилердин топ башчысына же жергиликтүү башкаруучуга гана кийүү укуктуу болуп саналат. Келген мейман же үй жашоочулары ким гана болбосун үйгө кирип бараарда сөзсүз бут кийимди чечип босогону атташат.


Көптөгөн өлкөлөрдө юбка эркектердин дагы кийими болуп саналат. А түгүл аялдардан мурун эле эркектер юбка кийген жерлер дагы бар . Биз айтып жаткан Фиджиде дагы эркектер юбка кийишет. Аралда мындай кийимдин пайда болушу 19-у кылымга таандык жана ал колонисттерди жаңы жерге т.а Тынч океандын четине жайгаштыруу менен байланыштуу болгон. Сулу бкалары Фиджиде бир гана улуттук кийим гана эмес, ал мектеп жана аскердик форма катарында дагы колдонулат, о.э мамлекеттик мекемелерде жана кеңсе ичинде иштөөчү кызматкерлердин кийими да болуп саналат. Юбканын узундугу бир аз тизеден ылдый, бирок айрым учурларда кызыл ашык томука чейин да жетиши мүмкүн. Буюм бел жагынан тегерете байланып атайын илмек менен байланат.


Фиджидеги айыл жергелеринде өзүлөрүнүн салттары бар, келген меймандар дагы ички тартип эрежелерин сактоосу керек. Эч кандай шорта, шляпа жана кара көз айнек колдонулбашы шарт . Фиджийликтер өзүлөрү балбыраган, көлбөөрүгөн кең кийимдерди кийип жүрүүнү ыңгайлуу деп туура көрүшөт.


Фиджи шоппинг сүйүүчүлөрүнө жагымдуу, ыңгайлуу жана абдан кызыктуу о.э сувенирелерди сатып алууга эң мыкты жерлердин бири. Кол өнөрчүлөрдүн эмгектерин колдоо борборлору болсо мамлекеттик деңгээлде каралып келет. Сатуучулар сылык-сыпайы жадатып асылбайт, айрым учурда соодалашканды жактырышат. Эң мыкты этникалык буюмдарды жана кийимдерди сатуучу базарлар Лаутокада жайгашкан. Бул жерлерде сиздин каалооңуздагы сувенирдин түрүн табууга болот. Фиджиде өз улутуна мүнөздүү болгон кооз кездемелер да чыгат, Индонезияда аларды батик деп аташат, ал эми Фиджиде алар сулу деп аталат. Айрым соодагерлер андан көрө палантин же кесип бөлүнгөн кездемелерди алган дурусураак деп айтышат. Каалоочулар 20-30 $ жергиликтүү тигүүчүлөргө улуттук көйнөктөрдөн тиктирип алса да болот. Адатта туристтер Фиджиде улуттук орнаменттери бар көйнөктөрдү сатып алууга ашыгышат. Себеби эреже боюнча алар натуура кездемеден тигилет.


Фиджинин Савусавусадасыда жемчуг өстүрүүчү фермалары жайгашкан. Жасалганы 20-30 доллардан тартып, 4-5 миң долларга чейинки баада сатып алса болот. Орточо баада жакшы топтомдогу жасалга 150-200 долларды түзөт.


Сувада Municipal Handicraft Centre аттуу өкмөттүк кол өнөрчүлөр борборунда эң мыкты сапатта жасалган сувенирлердин түрүн көрүүгө болот. Булгаарыдан, сөөктөн, куштардын канаттарынан, үлүл кабыктарынан жана кораллдардан жасалган буюмдарды Фиджиден алып чыгуу үчүн атайын документ кагаздары менен макулдашылышы шарт. Документсиз мындай жогорудагы буюмдарды чек арадан тартып алып коюштары да мүмкүн.


























Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз