Кубулжуйт элдик аспаптар

19 , Нояб, 13:11 682

Кубулжуйт элдик аспаптар: "Гусли” белорусс элинин улуттук музыкалык аспабы

image


Албетте музыка менен көңүлүбүз да жайдары эмеспи. Баардык учурда ушундай шаңдуу ойлор менен белорусс эли да макул болуп келген. 20-кылымдын башында гусли үнү эл арасына анча деле жеткиликтүү болгонуна карабасатан. Янка Купаланын жардамы менен жана анын Гусляр аттуу лакап аты аркылуу музыкалык аспап элге абдан таанылган деп жазылат https://planetabelarus.by маалымат булагында.


Гусли музыкалык аспабы техникалык жагынан өтө жөнөкөй. Дээрлик баардык түрү жыгачтардан жасалып, ага кылдарды чое тартып бекитилип келген. Эң биринчи гуслилер 17-кылымда христиан попторунун чоңу, башчысы Кирилл Туровскийдин иш кагаздарында эскертилген. 19-кылымда чет өлкөдөн татаалдаштырылган чертме аспаптарды буюртмага алдырып баштаган заманга жеткенде, гуслилер өзүлөрүнүн популярдуулугун жоготкон. Бирок дуда ж.б музыкалык шаймандар сыяктуу эле, ар бир аспаптын сүйүүчүлөрү болгон. Ошондой кайдыгер карабаган музыкалык чеберлердин аркасынан бүгүнкү күнү жүрөгү менен гуслини чертип ойногон замандаштар дагы бар десек болот.


 Изилдөөлөргө таянсак XIX аягы XX кылымдарда, Белоруссиянын этнографиялык аймактарынан “гуслинин” 7 түрү табылган. Белоруссия элинин улуттук аспабы гуслинин тарыхы абдан так жана жандуу “экспонаттар” менен камтылган. Ал экспонаттардын көпчүлүк бөлүгү Санкт-петербургдагы музейде баалуу шаймандар, буюмдар коюлган жайда сакталып келет.


Гуслиге окшош келген музыкалык аспаптардын катарына арфа, кифара, лира, псалтерий жана биздин элге караштуу жетиген аспабы дагы кирет. Гуслиде Садко, Добрыня Никитич, Соловей Будимирович ж.б орус элинин эпосундагы баатыр каармандары ойношкон. Белоруссия элинде гуслини коллекциялаган инсандар болгон. Алардын бири орусиялык жана белоруссиялык этнограф, фольклорчу, археолог жана публицист Евдоким Романович Романов. Романов баалаган гуслинин түзүлүшү жалпак, уч бурчтуу ящик сымаал, жыгачтан жасалган 14 тактайчадан турган. Үч бурчтуу түрүндөгү гусли калың кайың тукумуна кирүүчү жыгачтын бир түрүнөн жасалып, кылдардын жатышына ылайыктап жыгачты чуңкурайтып, атайын оюлган. Чуңкурайган жерлеринин үстүлөрүн тыбышты күчөтө турган шаймандар менен жабылган.


Акыркы учурларда салттуу музыкалык аспаптарга анын арасында гуслиге болгон кызыгуулар күндөн-күнгө өсүүдө. Гуслиде ойногон ар кандай аткаруучулар , чеберлер, усталардын саны көбөйүп пайда болууда. Гусли: канат сыяктуусу, туулга сымаал, байыркы гректердин чертме музыка инструментине окшошу, дайыма бир жерде турганы болуп, чертме түрү, клавиштүүсү болуп бир нече түрлүү болуп бөлүнөт.


Адатта гусли иштетилген таза тактайдан жасалат. Айрым учурларда жыгач дөңгөчтөрүн дагы колдонушат. Даярдоо технологиясы жөнөкөй. Биринчи уста жыгачты таңдайт. Ал кызыл карагай, жөн эле карагай, кедр ийне жалбырактуу жыгачы болушу мүмкүн. Мурда ушул жыгачтарды колдонушкан, ал эми азыр алма, явор аттуу клен далдагай жалбырактуу жыгачынан да жасагандар бар. Узунунан жарып бөлүнгөн жыгачты кургатып аспаптын түзүлүшүн чийип алышат. Андан кийин кыл отура турган жерди оюп, ордуларын бөлүшөт.


Гуслиде отуруп да, туруп да ойноого болот. Отуруп ойногондо гуслини тизеге коюп кабыргага жакыныраак кармоо керек. Гусли үчүн жазылган репертуарлар, чыгармалар, китептер дээрлик абдан көп жазылган.


























Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз