Эл ынтымагы ыйык

19 , Нояб, 13:51 522

"Жаратман": Дүйнөдөгү эң байыркы окуу жай АКШ дагы Гарвард университети

image


Дүйнөдөгү эң белгилүү, эң байыркы, эң бай, эң кадыр-барктуу окуу жай АКШ дагы Гарвард университети болуп саналат. Жогорку окуу жайдын тарыхына кайрылсак 1639-жылдан Америкага эмиграцияга барган жана мүлкүнүн жарымын, китепканасын колледжге мураска калтырган англиялык министр, искусство бакалавры Джон Гарварддын ысмын алып келет. 18-кылымдын аягына чейин Гарвард Университетинде Библия жана байыркы тилдер гана окутулган. Кийин методикага жаңы тилдер жана математика кирген. 19-кылымдын 1-жарымында медицина жана укук билим берүүчү бөлүмдөрү кошулгандан кийин гана колледж университетке айланган. Университеттин өсүшүнө белгилүү педагог, Университеттин ошол кездеги президенти Чарльз Элиот да чоң салым кошкон.


Гарвард окуу жайы тууралуу айта берсе келечеке карай көптөгөн мүмкүнчүлүктөр тузулгөн. Биринчиден, студентерге АКШнын госссекретары лекция окуйт, эң мыкты мугалимдер, профессорлор сабак өтүшөт, дипломго ээ болгон бүтурүүчүлөр үчүн аристократтар катмарына жана элиталар арасына кошулууга жолдор ачылат. Гарвард учурда көп профильдүү университет болгондугуна байланыштуу, баардык илимдерди үйрөнүп, билим алып чыгууга болот. Албетте бакалавр, магистр, докторлук жана МВА аталышындагы ишине байланыштуу чебер башкаруучу дипломуна да ээ боло алат. Учурда Гаарвард окуу жайында 20 000 ден ашык студент билим алат, анын көпчүлүгү аспиранттар жана МВА бөлүмүндө окуп жаткан студенттер болуп саналат.


Гарвард окуу жайында болгону билим алуучу 3 кампус окуу имараттары турганы менен аянты 85 гектарды түзөт. Жогорку окуу жайдын ички территориясында жол транспорту, а тугул метро да жайгашкан. Ал эми Гарвард жеке-ишкерчилик мектеби, Университеттин Чарльз дарыясына жакын жеринде курулган анын аянты 145 гектар. Гарвард окуу жайынын аянты ушунчалык чоң болгонуна байланыштуу ичинде студенттер үчүн дүкөндөр, ресторандар а түгүл кылмыштуу топтор да бар. Ошондуктан эгер колуңузда алтын ролекс саатыңыз болсо, үмүткө азгырылып түнкү кечелерге барбай эле койгон дурус. Окуу жай үчүн эң кооптуу жылдардын бири бул 2006-2008 жылдар болгон, эсепке алсак Гарвард кампусунун тегерегинде болгон кылмыштарга 48 зордуктоо, 10 тоноочулук, 15 кол салуу, 750 уруучулук иштердин беттери ачылган. Ал эми учурда видео аныктоолор боюнча студенттердин жашоосу кооптуу эмес деп табылган.


Гарвард окуу жайында 1 жылдык окуу баасы 30 000 долларды түзөт. Тамак-ашы, жашоо-тиричилигине керектөө суммасы менен кошкондо баары 50 000 долларга барат. Эгер сиздин оюңузда студентердин көпчүлүгү Азиялыктар десеңиз туура таптыңыз, алардын басымдуу бөлүгү математикалык жана инженердик бөлүмдө билим алышат.


Гарвард окуу жайынын кире беришинин дарбазасы байыртадан бери сакталып келаткан салт боюнча дайым жабык болуп турат. Айтымдарга караганда студенттер ал жерден 2 жолу гана өтүүсү керек, 1-курска тапшырганда жана окуу жайды бүтурүп диплом алып кеткенде гана.


Гарвард тууралуу кызыктуу маалыматтар:


Гарвард Университетинде 40тан ашык инсандары Нобелев сыйлыгынын лауреаттары болуп саналат, алар окуу жайда билим алып, мугалим да болуп иштешкен.


Гарвард окуу жайында дүйнө жүзү боюнча эң ири деп саналган илимий китепкана бар.


Джон Гарварддын айкели Гарвард сарайында жайгашкан, эсепке алсак ал АКШ боюнча эң көп сүрөткө түшүүчү айкелдердин ичине кирген.


1970 жылдардан тартып Окуу жайдын ичинде коммерциялык негиздеги тасмаларды тартууга тыюу салынган.


60% га жакын студенттер Жогорку окуу жайдан акчалай колдоо алып келишет.


Гарвард окуу жайынын эң белгилүү бүтүрүүчүлөрү:


Теодор Рузвельт; Джон Ф. Кеннеди; Джордж Буш; Барак Обама; Биньямин Нетаньяху; Дания канзаадасы  Фредерик; Кувейт шейхи  Мухаммед Сабах; Билл Гейтс; Марк Цукерберг 

















Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз