Ашкана ажары

11 , Март, 15:45 10639

"Тандури" Индия элинин салттуу тамагы

image


Эгер сиз өмүрүңүздө бир да жолу Индия элинин салттуу тамагы “тандури” тоогун жеп көрбөсөңүз, анда чыныгы даамды татпаганыңыз тууралуу кеңири айта берсеңиз болот. Балким кимдир-бирөөңздөр мага каршы чыгып, мен менен макул болбошуңуздар мүмкүн, бирок азыркы ыкма менен бышырылган тоокту жеп көргөндөн кийин, сиздин көз карашыңыз толугу менен өзгөрүлп, ойлогон оюңузду артка алышыңыз мүмкүн.


Тандури аталышын сөзмө сөз которгондо- индиялыктардын салттуу карапа мешинде бышкан тоок эти деген түшүнүктү берет. Айтып жаткан ыкмадагы тоок бышыруу салты түндүк индия жана Пакистандагы Улуу Моголдор империясы жашап турган мезгилинде пайда болгон. Эң биринчи даярдалган тандури тооктору абдан ачуу даамданган, бирок англиялык колониялык маданияттын таасиринен улам, көптөгөн тамактын бышыруу ыкмалары шарттарга жараша өзгөрлгөн.


Анда эмесе Тандури тоогун кантип даярдайбыз? Алгач ага керектелүүчү азыктарды жазып алсак:


Жаш тооктун буттарынан төртөө


½ стакан Йогурт же айрандан


1 чай кашык өткөргүчтөн өткөн имбирь


1 чай кашык жанчылган сарымсак


1 даана лимондун ширеси


1 чай кашык туз жана даам чыгаргыч татымалдар кошулат, алар тууралуу даярдоо ыкмасында баса белгилей кетебиз.


Даярдоо ыкмасы төмөндөгүдөй: тооктун 4 сан буттарын алып, алардын үстүңкү бөлүгүн ар бир см сайын алыстыкта кескилеп алабыз. Сыртындагы терисин сыйрып таштайбыз.


Эми эң маанилүү жерине келдик! Кошулмаларга аралашкан сан эттерди йогуртка же айранга чылайбыз. Тагыраак айтыканда эмаль идиштин ичине йогуртту куюп, калган жарым лимондун ширесин сыгабыз, өткөргүчтөн өткөрүлгөн сарымсак менен имбирьди кошобуз. 1 чай кашык туз салып, эми даам чыгаруучу татымалдар менен аралаштырабыз. Көңүл буруңуздар тагыраак эске түйүп же жазып алсаңыздар жакшы болот. Демек 1 чай кашык майдалаган кориандр, 1 чай кашык чили калемпири, 2 чай кашык паприка, 1 чай кашык кара мурч, 1 чай кашык майдаланган зере, 1 же 2чай кашык кургатылган чөп, 1 чай кашык куркума, эгер сиздерде түрк элинин “сумак” аттуу салттуу татымалы болсо анда абдан жакшы болот. Эч бир татымалдарды калтырбадым деген ишенимде алдыга карай ишибизди уланталы.


Баарын жакшылап аралаштырып алабыз, анан кеңири тооктун сан эттерин аралашма менен майлап чыгабыз. 12 саатка муздаткычка коюп коебуз. Эгер чыдамыңыз жакшы болсо 24 саатка чейин калтырсаңыз дагы жакшы жыйынтык болот.


Эми даярдоо учуруна көңүл бурабыз, негизи салттуу түрдө бул тамак индия элинин тандури аттуу карапа мешинде бышышы керек, бирок бизде андай меш болбогон соң, үй шартында даярдасак болот. Ошол үчүн темир мештеги градусту эң бийик температурага көтөрүп, 30-40- мүнөт бышырабыз. Тамагыңыздар даамдуу болсун!



Даярдаган: Таттыбү Назаркулова





Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз