Эл ынтымагы ыйык

12 , Март, 10:57 2218

Кытайда "кэцзюй" экзаменин татыктуу тапшырган инсан гана мамлекеттик башкаруу кызматында иштей алган

image


     Билимдүүлүк илгери эле улут арасында чоң сыноолорду жараткан. Өлкөнүн келечеги төрөлөрдүн билимдүүлүгүнөн көз каранды болгон. Алардын катарында Кытай элинин билим берүү ыкмаларын ойлоп тапкан жаратмандарын эске алсак. Абдан оор тартиптеги тапшырмалардан куралган экзамендерди өткөн адам гана чоң сыноолорду багынткандыгын билдирген. Экзаменди татыктуу тапшырган адам гана төрө болууга укуктуу деп милдеттендирилген.





     Мамлекеттик экзамендер Хань династиясынын доорунда биздин эрага чейин 202-220-ы жылдар аралыгында ойлоп табылган. 202-жылга чейинки экзамендер тууралуу маалыматтар аз камтылгандыктан, кайчылаш-пикирдеги билдирүулөр кол жазма түрүндө калтырылган, жана алар б.з.ч III кылымда 165-жылы жолугат. Ошол учурда күчтүү кесипкөйлөрдү чоң кызматтарга даярдачу императордун Академиясы болгону менен, баары бир мамлекеттик башкаруу кызматына ишке орношууну каалаган талапкер "кэцзюй" экзаменин татыктуу тапшыруу керек болгон. Кытай императорлугунда Кэцзюй аталышындагы билим берүү системасындагы экзамендер Конфуцийлик багытта жүргүзүлгөн. Билим деңгээлин өркүндөтүү максатындагы Кэцзюй программасы эч токтоосуз 1300 жылга чейин иштеген. Ал эми билимдин сапаты жана анын мамлекетке ошкон зор салымын ошол кездеги борборлоштурулган күчтүү империядан эле андасак болот.




     Англиялык профессор Бенджамин Элман Кытайды изилдөөдөгү-илимий иштеринде "кэцзюй" багытындагы экзамен алуу системасы 1400 жылдардан баштап 1905 жылдарга чейин Кытай элинин маданиятынын бир бөлүгү катарында болгонун жазган.


     XVI-кылымдын башында калыптанып калган "кэцзюй" экзамендик системасы аркылуу кытай төрөлөрү европалыктарга "мандарин" деген аталышта атактары тараган. Мандарин-португалиялыктардын тилинде "мантрин" деп аталып, ал министр, төрө деген тушүнүктү берген, жана бул аталыш кытайлык мекемелерде иштеген кызматкерлерге гана тиешелүү сөз болгон дешет. 1300 жыл бою Кытайда билимге болгон мамиле абдан катуу тартипте жургүзүлгөн. Мандарин статусуна жетүү үчүн абдан оор аткаруу тартибиндеги экзамендерден өтүү керек болгон.



     Бирок "кэцзюй" экзамендик система Суй династиясындагы доордо токтогон. 581—618 жылдары экзаменди тапшыруу баардык бойго жеткен жигиттер үчүн милдеттендирилген. Экзамендер акыйкатуу өнүттө өтүшү үчүн, бийликтегилер көптөгөн түрлүү ыкмаларды ар бир талапкер үчүн оор тапшырмаларды даярдашкан. Суй династиясында мамлекеттик кызматкер болуу үчүн талапкердин байлыгы сөзсүз эмес деп, коомдук түркүмдө бийлике келүү үчүн экзамен тапшырууга 4 адамдын укугу бар деген закон бекитилген. Аларга: аскерлер, дыйкандар, өнөрпоз, уста, кол өнөрчүлөр жана соодагерлер кирген.




     Шеньши-кытай тилинде жазы кур байланган билимдүү күйөө деп которулат. Экзаменди тапшырган үй бүлөөлөр, башчылар жана алардын тукумдары мамлекеттик кызматтагы ишке орношууга же аны улантууга жол берилген. Салттуу Кытайда шеньшилер билимдүүлөрдүн бөлүгүн толуктаган адамдар катарында баркталган. Алар Конфуцийлик идеологиянын жактоочулары, коргоочулары катарында иштерди улантып келишкен. Шеньши укуктары экзамендик система менен кошо эриш-аркак деңгээли бир болгон. А түгүл Шеньши экзамендик система билим берүү жаатында жокко чыгарылса да, 1905-1949 ж.ж чейин бул термин бийликте, сот мекемелеринде жана Жогорку окуу жай, мектептердин мүдүрлөрү арасында деле колдонулуп келген.


Даярдаган: Таттыбү Назаркулова


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз