Биз кыргызча сүйлөйбүз

23 , Июнь, 23:58 1800

«Биз кыргызча сүйлөйбүз»

image

2016-жылдын 19-июнь айынан баштап 104.1 жыштыгындагы “Достук” радиосунда "Биз кыргызча сүйлөйбүз" долбоору старт алды. «Тынчтык» корпусунун Америкадан келген ыктыярчыларынын кыргыз тилинде сүйлөгөн жарым сааттык видео материалы назарыңыздарда! Мамлекеттик тилди билүү, өнүктүрүү ар бир кыргызстандыктын милдети.

Программанын алкагында чет жерден, тактап айтканда Миннесота жана Вашингтон штатынан келген коноктор менен кыргыз тилинде маек курдук. 

Америкалык меймандардын Кыргызстанга келгенине 1 жылдын жүзү болуп, учурда кыргыз тилин кандай өздөштүргөнү, кыргыз жергесинде жашап жаткан кызматы тууралуу айтып беришти. 

Учурда ыктыярчылардын аты жөнү Ысык-Көл аймагында англис тилинен сабак берип жаткан мугалими Коллин Вуд (Colleen Wood) жана Токтогул шаарындагы бейтапканада медициналык кызматында иштеген Этан Наримацу (Ethan Narimatsu).

Тилибизди алмаштырып башкага, чет өлкөгө уят болуп калбайлы.

Мен кыргызмын сыймыктанам элиме, дүркүрөтүп Манас чыккан жериме.

Орусчалап сүйлөп келген кыргызым, кыргыз тили кандай сонун билгиле. 

Аны билбей уят болот кээ бирөө, жетпегендер канча экен бул тилге.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз