Кыргыз телевидениесинин 60 жылдык мааракеси салтанаттуу түрдө белгиленди 9 Дек, 2018 1789

КТРКнын 60 жылдык мааракеси Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда салтанаттуу түрдө белгиленди. Мындан 60 жыл мурда, 8-декабрда обого кыргыз тилиндеги алгачкы телеберүү чыккан. Ошондон тарта бул күн Кыргыз телерадиоберүү тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленип келет.

Мындан туура 60 жыл мурун кыргыз телевидениеси дал ушундай ыкмада эфирге чыгуусун баштаган. Алгач 10 мүнөттүк программа менен иш баштаган Фрунзе телестудиясы акырындык менен өсүп отуруп, эгемендүүлүк алгандан кийин мамлекеттик, 2010-жылдан кийин коомдук каналга айланган. Азыр алты канал беш радиону өзүнө камтыган КТРК заман агымынан артта калбай алдыны көздөй умтулуп келет.Чоң масштабдагы иш чараныКоомдук телерадиоберүү корпорациясынын эмгек жамааты уюштурган. Салтанатта кыргыз телевидениесинин тарыхын чагылдырган театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүп, өнөрпоздордүн ыр, күү, бийлери менен коштолду.