Кырсык

Кызыл-Кыяда көмүр казып жаткан бир адам каза болду image Фото: vb.kg

21 Дек, 2017 10149

Кызыл-Кыя шаарында бир адам көмүр казып жатып, газга ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, окуя 20-декабрда болжол менен кечки саат тогуздар чамасында болгон. 

Куткаруучулар 80 метр тереңдикте көмүр казып жатып, газга ууланып каза болгон 38 жаштагы жарандын сөөгүн кенден алып чыгышкан. 

Маркум Кызыл-Кыя шааардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилди. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз