Кырсык

Бишкек Нарын жолунда жүк ташыган эки унаа кагышып, бирөөсү күйүп кетти image Фото: KTRK/videograp

11 Июль, 2018 2946

Бишкек — Нарын жолунда жүк ташыган эки унаа кагышып, бирөөсү күйүп кетти. Нарын облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, жабыркагандар жана каза болгондор жок. 

Кырсык жолдун 240-чакырымында катталган. Окуянын күбөсү жиберген тасмада курулуш материалдары жүктөлгөн бир унаанын күйүп жатканын көрүүгө болот. 

Жүк ташыган унаалардын бирөөсү Кытайдан товар алып келе жатканы кошумчаланды.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз