Кырсык

Токмокто өрт кырсыгынан эки кичинекей бала каза болду image Фото: www

22 Авг, 2018 3144

Токмок шаарында өрт кырсыгынан эки кичинекей бала каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, өрт кырсыгы Ибраимов көчөсүндөгү турак жайда катталып, натыйжада 95 чарчы метр аянтты ээлеген эки бөлмөлүү үй күйүп кетти. 

Тилсиз жоонун кесепетинен 5 жана 3 жаштагы эки бала каза болду. Өрт кырсыгы балдардын тентектигинен келип чыккан. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз