Кырсык

Кара-Сууда окуучу бала токко урунуп каза болду image Фото: www

27 Авг, 2018 3177

Кара-Суу районунун Жаңы-Маданият айылында 2-класстын окуучусу электр тогуна урунуп каза болду. 

Маалым болгондой, 26-август күнү кечки саат 20:00 чамасында окуучу бала ойноп жатып кокустан электр тогун кармап алган. Аны жакындары Ош облустук балдар ооруканасына жеткиришкен.

Ал эми дарыгерлер бала ооруканага жеткенге чейин каза болгонун айтышты. Учурда окуучунун денеси экспертизага жөнөтүлүп, тактоо иштери жүрүп жатат.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз