Экономика

Өлкөдө экономиканын жаңы модели түптөлүүдө image Фото: http://www.mk.ru

4 Апр, 2016 2791

Кыргызстанда учурда алып-сатуу модели артта калып,  экономиканын жаңы модели түптөлүүдө. Бул тууралуу «Евразиялык экономикалык биримдик алкагында өлкө мүмкүнчүлүктөрү  жана кандай кадамдарды жасоо керек»- деген теманын тегерегинде өткөн эксперттердин талкуусунда айтылды. Биримдиктеги өлкөлөрдө кризис болгону менен Кыргызстан уюмга кошулуудагы алгачкы  жарым жылдыкта жакшы динамиканы сактап калууга жетишкен.

Кыргызстан жарым жылдан ашуун убакыттан бери ири интеграциялык уюмдун эрежелери менен жашап жатат. Андыктан бул реалдуу шартка көнүп, колдоо болгон бардык мүмкүнчулүктөрдү пайдаланышыбыз керек-дешет талдоочулар. Азыр өлкө экономикасы кайра жаралуу учурунда турганын белгилеген  эксперт Турсункул уулу Сатар, ири базарларда соода токтоп, экономиканын модели өзгөрө баштаганын айтат. Буга чейин Евразиялык экономикалык биримдикке кошула электе  өнөктөштөр абалды өзгөрткөндөн кийин Кыргызстандын алдында кандай экономиканы түзүшүбүз керек-деген суроолор пайда болгон.

Турсункул уулу Сатар азыр Евразиялык экономикалык биримдиктеги өлкөлөрдө кризиз болуп жатканын эске салып, биримдиктен сырткары өлкөлөр менен дагы соода алаканы  жандантуу үчүн бардыгына бирдиктүү бир концепция иштеп чыгуу зарылдыгын кошумчалады. Бул жерде эң башкысы дыйкан-фермерлерге маркетинг жагынан колдоо керек-дейт ал.

Ал эми эксперт Улан Рыскелдиев биримдиктеги бардык өлкөлөр азыр бизнеске артыкчылыктуу басым жасап жатышканын белгиледи. Анын баамында Кыргызстан бизнеске мындан 3-4 жыл мурда эле көңүл бура баштаган. Азыр бизде  бизнес ачуу өтө жеңил жана ишкерлерге дагы жетиштүү деңгээлде көңүл бурулууда. Андыктан  эксперттин пикиринде -бул багытта башталган иштерди динамикалуу улантуу зарыл.

Ошентип Кыргызстан  соңку жылдары  экономиканын өсүшүнө жагымдуу жагдай түзүп алуу аракетинде болууда. Буга байланыштуу Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу менен өз экономикасынын моделин өзгөртүп, уюм аркылуу жеңилдиктерге жетмей болууда. Экономикалык жактан  соода-сатык жүргүзүүдө бажы бекеттеринен өтүү жана биздин товарларды каттоо жол-жобосу жеңилдей баштады.  Анткени Кыргызстан  биримдикке кирбегенде абал мындан дагы оор болуп, алып-сатуу модели токтоп, өлкө экономикасы тунгуюкка кептелмек-дешет талдоочулар.

М.Абдраманова,  "Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз