Айыл чарба

Араван районунда пахта аянты эки жарым эсеге көп айдалат image Фото: tarlabitkileri.cu.edu.t

4 Апр, 2016 1691

Быйыл Араван районунда пахта аянты эки жарым эсеге  көп айдалат. Жыйналган түшүмдү Түркияга экспорттоо боюнча макулдашуулар жүрүп жатат. Түркиялык ишкерлер Араван районуна 12 тонна жогорку сапаттагы чигит алып келишкен. Аны райондун дыйкандары 10-апрелден баштап себе турганын  райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Пайзулла Мирзаибраимов “Биринчи радиого” билдирди.                                             

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз