Экономика

Ош облусунда өнөр жай товарларын өндүргөн ишканалардын саны арбыды image Фото: kabar.kg

6 Апр, 2016 1646

Ош облусунун Кара-Суу районунда өнөр жай товарларын өндүргөн ишканалардын саны арбыды. Айта кетсек Борбор Азия аймагында биринчи жолу медицина тармагында бир жолу колдонуучу шприц чыгаруучу ишкана ушул райондо ачылган. Мындан башка таш плиталарын жана суюлтулган курут суусундуктарын чыгарган ишканалар учурда иштеп, кошумча жумушчу орун пайда болууда.

Кара-Суу районунун Ак-Таш айылына курулган “Медимпекс” ишканасына медициналык бир жолу колдонуучу шприц сатып алуу үчүн келген кардарлардын катары арбын. Аталган ишканада кырк кыз иштеп, күнүнө 50 миң шприц чыгарууга жетишүүдө. Бул ишканадагы жабдуулардын баары бүгүнкү күндүн талабына жооп берген заманбап  техникалар, - дейт жетекчи Ахмаджан Неймаджанов.                                                                                                                                     

Элдос Зикиров райондогу “Алайку” ишкананын өкүлү. Мында аты айтып тургандай Кара-Кулжа районунудагы Алайку айыл аймагынан алынып келинген сүт азыктары кайра иштетилип, суюлтулган суусундуктары чыгарылат. Алардын продукциясына болгон муктаждык өсүп жаткандыктан ишкана ишмердүүлүк кулачын кеңейтип, эми өлкө аймагына жогорку сапаттары азыктарын сатууга аракеттерди жасап жатканын белгиледи.  

Райондогу дагы бир ишкана кадимки ташты кайра иштетип андан таш плиталарын чыгарууда. Алардын чыгарган продукциясынын негизги бөлүгүн казакстандык кардарлар сатып алып жатканын ишкана жетекчиси Мукталий Акаев билдирди. Келечекте ишкана кубаттуулугун дагы кеңейтүү аракетин көрүүдө.                                                                                               Ошентип, Ош облусунун Кара-Суу районунда жаңыдан ачылып, иштеп жаткан ишканалардын катары өсүүдө. Мунун натыйжасында жергиликтүү бюджетке түшкөн салыктын көлөмү да көбөйүп жатканын райондун адистерди белгилешти.

К.Калилов, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз