Кыргызстан жаңылыктары

Шейит кеткен апрель баатырлары унутулбайт! image Фото: http://www.ktrk.kg

7 Апр, 2016 3373

Апрель революциясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы Ала-Тоо аянтында да өтүп, аянтка келгендер менен чогу президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун эстелик монументине гүл коюп, эскерди. Иш-чарага келген шейит кеткен баатырлардын жакындары куран түшүрүп, ошол кездеги бийликтин зулумдугуна наалат айтып жатышты. Анткени,  2010-жылдын 7-апрелинде бийликке нааразы эл дал ушул Ала-Тоо аянтына чыгып, кагылышуунун натыйжасында сексенден ашуун  адам каза тапкан. Жарадар болгондордун саны болсо миңден ашат.

Таң эрте ордо калаанын борбордук Ала-Тоо аянты колдоруна кызыл гүл кармап, баштарын жерге салган катардагы жөнөкөй жарандарга жык толду. Көзүнө жаш алган шейит кеткен баатырлардын жакындары эстеликке гүл чамбар коюшуп, ошол күнкү азаптуу окуяны эскерип жатышты. Алардын арасында өлкө башчы Алмазбек Атамбаев дагы 2002-жылы Аксы окуяларында жана 2010-жылы Апрель окуяларында курман болгондордун эстелигине гүл коюп, эскерди.

Эстелик жанына чогулган элдер ойго батып, ар кимиси өз ичинен өлкөдөгү абалга баа берип турушту.  Алардын арасында кандуу кагылышта курман болгон Канаттын атасы Кубанычбек Бекбоев дагы бар. Жаш жигит ошол күнү эл менен чогу аянтка келип, Бакиевдин кандуу бийлигинен ок жеп, каза болгон.

Ал эми төшүнө толтура медаль тагынып, башына ак калпак кийген Апрель революциясынын батыры Мурат Тентимишов Ысык-Көлдүн Кара-Кол шаарынан келген. Аны менен кошо ошол кандуу күнү аянтта чогу болгон ондогон адамдар аянтта болушту. Ал эстеликке гүл коюп жатып, далай кырчындай өмүрлөр кыйылганына жаны кейип турганын, азыр ар кандай оор абалдан пайдалана калып жаткандар эркиндиктин баасы канчалык кымбат болгонун сезбей жатышканын айтып, мындай оюу бузуктарга жол жоктугун айтты.

Кыргыз эли өзүнүн көп жылдык тарыхында “жылдызы жанган учурларды” да, кан жуткурган оор күндөрдү да башынан өткөрдү. Алардын арасында  эң оор, кандуу жана эң аянычтууларынын бири дал ушул  күн болуп саналат.
М.Абдраманова, “Биринчи  радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз