Дин

Өлкөнүн бардык мечиттеринде жума намазы убактылуу токтотулду image Фото: KTRK/videograp

18 Март, 2020 2281

Эл көп чогулган жерде коронавирус коркунучу тооруп турганына байланыштуу, Кыргызстандын жогорку муфтийи Максат ажы Токтомушев өлкөнүн бардык мечиттеринде жума намаздары убактылуу токтотулганын билдирди.

Максат ажы Токтомушев мусулмандарга кайрылуусунда оорудан сактануу үчүн эл көп чогулган жерге баруудан баш тартууга чакырды. Ошол эле учурда давааттар да токтоду. Бирок мечиттер жабылбайт, анда азан айтылып турат.

Жума намаздарынан баш тартууну өкмөт муфтиятка көп күн мурда эле сунуш кылган. Бирок динаятчылар көпкө чейин макул болбой, жума намаздарын окууну кыска өткөрүү менен гана чектелип жатышкан.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз