Коронавирус

"Үйлөрдү дезинфекциялайбыз" деген бет капчандарга ишенбегиле image

20 Март, 2020 2522

Кээ бир адамдар бет капчан "үйлөрдү дезинфекциялайбыз" деп кыдырып жүрөт деген маалыматты Саламаттык сактоо министри четке какты. Космосбек Чолпонбаевдин айтуусунда, дарыгерлер үйлөрдү кыдырып, дезинфекциялоо иштерин жүргүзгөн жок.

"Үй тазалайбыз" деген беткапчандарды киргизбегиле. Дарыгерлер үйлөрдү дезинфекциялоого чыккан жок. Зарылчылык жаралса, атайын даярдалган дарыгерлер барат. Аларда сөзсүз дарыгер экенин далилдеген документи болот. Азыркы учурда биздин медициналык кызматкерлердин атайын жөнөтүлгөн дарыгер экенин көрсөтүш үчүн жаңы механизм иштеп жатабыз. Учурдан пайдаланып жоопкерчилиги жок адамдар кылмыш кылууга аракет кылып жатышат. Мындай учур катталса сөзсүз милицияга кайрылгыла".


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз