Өлкө боюнча күч түзүмдөрүндөгү 82 кызматкерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-майдагы онлайн маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, алардын ичинен 33 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми калган 43 кызматкер медициналык мекемелерде дарыланууда.